Акай 1:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылында, алтынчы айдын биринчи күнү Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга жана башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду.

2Себайот Теңир мындай деди: «Бул эл: “Али убакыт келе элек, Теңир үйүн курганга убакыт келе элек”, – деп жатат».

3Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:

4«Бул үй кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?»

5Ошондуктан бүгүн Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

6Силер үрөндү көп сээп, бирок түшүмдү аз алып жатасыңар; жеп, бирок тойбой жатасыңар; ичип, бирок суусунуңар канбай жатат; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыңар; эмгек акы тапкандар түбү тешик намыян үчүн эмгектенип жатышат».

7Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

8Тоого чыгып, жыгач көтөрүп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана даңкталам, – дейт Теңир.

9Көп нерсени күтүп, бирок аз нерсе алып жатасыңар. Yйүңөргө эмнени алып келсеңер, Мен аны сапырып жиберем. Эмне үчүн? – дейт Себайот Теңир. – Менин үйүм үчүн, ал кыйрап жатса, ар кимиңер өз үйүңөргө чуркайсыңар.

10Ошон үчүн асман жабылып, силерге шүүдүрүм бербей жатат, жер өз түшүмүн бербей жатат.

11Мен жерге, тоолорго, эгинге, жүзүм ширесине, зайтун майына, жер эмнени өстүрүп чыгарса, ошонун баарына, адамга, малга, ар кандай кол эмгекке кургакчылык чакырдым».

12Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жетсадак уулу Жешуя жана элдин бардыгы өз Кудай-Теңиринин үнүн, өздөрүнүн Кудай-Теңири жиберген Акай пайгамбардын сөзүн угушту. Эл Теңирден коркуп калды.

13Ошондо Теңирдин кабарчысы Акай элге Теңирдин сөзүн айтты: «Мен силер мененмин, – дейт Теңир».

14Теңир Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылдын рухун, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын рухун жана элдин бүт калдыгынын рухун козгоду, ошондо алар келишип, өз Кудайынын – Себайот Теңирдин үйүндө иштей башташты.

15Ишти Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылы, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү башташты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>