Акай 2:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Жетинчи айдын жыйырма биринчи күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден мындай сөз болду:

2«Эми Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга жана элдин калдыгына мындай де:

3“Араңарда бул үйдү мурунку даңкы менен көргөндөр барбы? Азыр силер аны кандай абалда көрүп турасыңар? Силердин көзүңөргө ал эч нерсеге арзыбаган нерсе катары көрүнүп турган жокпу?

4Бирок сен азыр кайраттан, Зоробабыл, – дейт Теңир, – башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуя, кайраттан! Бул жердин бүт эли, кайраттан, – дейт Теңир, – иштей баштагыла, анткени Мен силер мененмин, – дейт Себайот Теңир.

5Мисирден чыкканыңарда Менин силер менен түзгөн келишимим жана Менин рухум силер менен, коркпогула!”»

6Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Жакын арада Мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам,

7бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер өздөрүнүн кымбат баалуу нерселери менен келишет, бул үйдү даңкка толтурам, – дейт Себайот Теңир.

8Күмүш Меники, алтын да Меники, – дейт Себайот Теңир.

9Бул акыркы ийбадаткананын даңкы мурунку ийбадаткананын даңкынан жогору болот, – дейт Себайот Теңир. – Мен бул жерге тынчтык берем, – дейт Себайот Теңир».

10Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылы, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:

11Себайот Теңир мындай дейт: «Ыйык кызмат кылуучулардан мыйзам тууралуу сура:

12“Эгерде кимдир бирөө ыйык этти этегине салып бара жатып, этегин нанга, же бышкан ашка, же шарапка, же зайтун майына, же болбосо кандайдыр бир тамакка тийгизип алса, ал нерсе ыйык болуп калабы?”» Ыйык кызмат кылуучулар: «Жок», – деп жооп беришти.

13Анан Акай мындай деди: «Эгерде өлүккө тийип булганган адам ушул нерселердин бирине тийип кетсе, ал нерсе таза эмес болуп калабы?» Ыйык кызмат кылуучулар: «Таза эмес болуп калат», – деп жооп беришти.

14Ошондо Акай мындай деди: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай, – дейт Теңир, – алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес.

15Эми жүрөгүңөрдү бүгүнкү күндөн Теңир ийбадатканасында таш үстүнө таш коюла элек мезгилге карай бургулачы.

16Ошол убактарда мындай болгон: жыйырма өлчөм боло турган чөмөлөгө келишсе, он өлчөм болуп чыккан; жүзүм сыгылуучу жайга элүү өлчөм сузуп алганы келишсе, жыйырма эле өлчөм болуп чыккан.

17Мен силерди эгиниңерге коңур дат оорусун жиберип, эгиниңерди күйгүзүп, кылган бардык ишиңерди мөндүр менен талкалап жазаладым, ошондо да силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

18Бүгүнкү күндөн тартып – тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнүнөн, Теңирдин ийбадатканасы негизделген күндөн тартып артка карай жүрөгүңөрдү бургулачы. Жүрөгүңөрдү бургула:

19Кампаларда дагы үрөн барбы? Буга чейин жүзүм сабагы да, анжыр дарагы да, анар дарагы да, зайтун дарагы да түшүм берген эмес. Ушул күндөн тартып Мен силерге батамды берем».

20Айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбарга Теңирден экинчи ирет сөз болуп, мындай деп айтылды:

21«Жүйүт башчысы Зоробабылга мындай деп айт: “Мен асман менен жерди солкулдатам.

22Падышачылык тактыларды кулатам, бутпарас падышачылыктардын күчүн жок кылам, майдан арабаларын жана аларда отургандарды аласалдырам, аттары да, чабандестери да жерге кулатылат, ар бири өз бир тууганынын кылычы менен кулатылат.

23Кулум, Шалтиел уулу Зоробабыл, – дейт Себайот Теңир, – ошол күнү Мен сени Өзүмө алам, – дейт Теңир, – сени мөөр шакеги катары сактайм, анткени Мен сени тандап алдым”, – дейт Себайот Теңир».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>