Амос 1:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Текоялык койчулардын бири Амостун сөздөрү. Ал Жүйүт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу көрүнүш көргөн.

2Ошондо ал: «Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.

3Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.

4Хазаелдин үйүнө от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.

5Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен өрөөнүнүн тургундарын жана Эден үйүнөн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

6Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Азаны аябайм, анткени алар бүт элди Эдомдун колуна салып берүү үчүн туткундашты.

7Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.

8Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду Экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Теңир».

9Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды Эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди эстешкен жок.

10Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».

11Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин өчүрдү, ал дайыма каарданып турду, өзүнүн жаалын таптакыр токтоткон жок.

12Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».

13Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Амон уулдарын аябайм, анткени алар өз жерлерин кеңейтиш үчүн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.

14Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын үйлөрүн салгылашуу күнүндө кыйкырыктар менен, бороон-чапкын күнүндө куюн менен жалмайт.

15Ошондо алардын падышасы төрөлөрү менен бирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>