Амос 2:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Маапты аябайм, анткени ал Эдом падышасынын сөөгүн акиташтай болгуча өрттөдү.

2Маапка от жиберем, ал от Кериоттун падыша сарайларын жалмайт. Ошентип, Маап сурнай тартылып, ызы-чуу, бүлгүн болуп жатканда өлөт.

3Алардын арасынан башкаруучусун жок кылам, аны менен бирге анын бардык төрөлөрүн өлтүрөм», – дейт Теңир.

4Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Жүйүттү аябайм, анткени алар Теңирдин мыйзамдарын четке кагышты, Анын көрсөтмөлөрүн сакташкан жок, ата-бабалары табынган буркандар аларды жолдон чыгарышты.

5Жүйүткө от жиберем, ал от Иерусалимдин падыша сарайларын жалмайт».

6Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Ысрайылды аябайм, анткени алар адилет адамды күмүшкө, жакырды бир жуп сандалга сатышат.

7Алар жакырлардын башын топуракка матырууну көксөшөт, момундарды жолдон чыгарышат, атүгүл, Менин ыйык ысымымды булгаш үчүн, атасы менен уулу бир аялга барат.

8Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, күрөөгө алынган кийимдердин үстүндө жамбаштап жатышат, айыпкерлерден төлөтүлүп алынган шараптарды өз кудайларынын үйүндө ичишет.

9Мен болсо алардын көз алдында бийиктиги кедр дарагындай, бекемдиги эмен дарагындай болгон Аморду өлтүрдүм. Мен анын башындагы мөмөсүн, түбүндөгү тамырларын жок кылдым.

10Мен силерди Мисир жеринен алып чыктым, аморлуктардын жерин мурастап калышыңар үчүн, силерди чөлдө кырк жыл алып жүрдүм.

11Мен силердин уулдарыңардан пайгамбарларды, уландарыңардан назирлерди чыгардым. Же ушундай эмеспи, Ысрайыл уулдары? – дейт Теңир.

12Силер болсо назирлерге шарап ичирдиңер, пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылбагыла!” – деп буйрук бердиңер.

13Боолор жүктөлгөн араба жерди кандай басса, Мен да силерди ошондой басам.

14Ошондо шамдагай да качып кутула албайт, күчтүү да өзүнүн күчүн көрсөтө албайт, эр жүрөк жоокер да өз өмүрүн сактап кала албайт,

15жаа тарткыч да туруштук бере албайт, жөө күлүк да качып кете албайт, атчан да өз өмүрүн сактап кала албайт,

16эр жүрөктөрдүн эң кайраттуусу ошол күнү жылаңач качат», – дейт Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>