1«Ысрайыл уулдары, Теңирдин силерге каршы айткан сөзүнө кулак салгыла, Мен Мисир жеринен алып чыккан бардык урууга каршы мындай дейм:
2“Жердеги бардык уруулардын ичинен Мен силерди гана тандап алдым, ошондуктан бардык мыйзамсыздыгыңар үчүн Мен силерди жазалайм”.
3Эки адам өз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?
4Алдында жем жок болсо, токойдо арстан ырылдайбы? Эч нерсе кармабаса, жаш арстан үңкүрүнөн үн салабы?
5Жердеги тордо жем жок болсо, куш торго түшөбү? Торго эч нерсе түшпөсө, тор жерден көтөрүлөбү?
6Шаарда сурнай тартылганда, эл коркпой коймок беле? Теңир жол бербесе, шаарда алаамат болмок беле?
7Анткени Кудай-Теңир Өз кулдары – пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт.
8Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?
9Азоттогу жана Мисир жериндеги чептердин үстүнөн: “Самария тоолоруна чогулгула, анын ичиндеги чектен чыккан баш аламандыкты, ал жердеги ырайымсыздыкты көргүлө”, – деп жар салгыла.
10Алар адилеттик боюнча иш кылганды билишпейт, – дейт Теңир, – алар үйлөрүнө зордук-зомбулук жана талап-тоноочулук менен байлык жыйнашат».
11Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына душман бүт жерди курчайт! Ал сенин күчүңдү алсыратат, сенин үйлөрүң таланып-тонолот».
12Теңир мындай дейт: «Койчу арстандын оозунан койдун эки шыйрагын же кулагынын бир бөлүгүн кандай сууруп алса, Самарияда төшөгүнүн бир четинде отурган, Дамаскта төшөгүнүн үстүндө жаткан Ысрайыл уулдары ошондой куткарылышат.
13Уккула, Жакыптын тукумуна каршы күбөлөндүргүлө, – дейт Кудай-Теңир, Себайот Кудай.
14Анткени Мен Ысрайылды өз кылмыштары үчүн жазага тарткан күнү Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары үчүн да жазага тартам, ошондо курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрү кыйылып, жерге түшөт.
15Мен кышкы үйдү жайкы үй менен кошо кыйратам, пил сөөгү менен кооздолгон үйлөр талкаланат, көп үйлөр жок кылынат, – дейт Теңир».