1Ысрайыл, мына бул сөзгө, силер тууралуу кошогума кулак салгыла:
2Ысрайыл кызы жыгылды, эми ал мындан ары турбайт! Ал өз жеринде кулатылды, аны тургузар эч ким жок».
3Анткени Кудай-Теңир: «Ысрайылда миң аскери менен чыккан шаардын жүз аскери гана калат, жүз аскери менен чыккан шаардын он аскери гана калат», – деп жатат.
4Анткени Теңир Ысрайылга мындай деп жатат: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар.
5Бейтелди издебегиле, Гилгалга барбагыла, Бейер-Шебага өтпөгүлө, анткени Гилгал бүт бойдон туткунга кетет, Бейтел болсо жок болот».
6Теңирди издегиле, ошондо тирүү болосуңар, Анын каары Жусупка от сыяктуу жалындап, аны жалмап салбасын, Бейтелде ал отту өчүрө турган эч ким болбойт.
7Оо, силер, адилеттикти эрменге айланткандар, чындыкты тебелегендер!
8Жети Аркар жана Алты Аркар топ жылдыздарын ким жаратты, өлүм көлөкөсүн жарык таңга ким айлантат, күндү ким түндөй караңгы кылат, ким деңиз сууларын чакырып, жер бетине төгөт? Анын ысымы – Теңир!
9Ал кыйратуучуну күчтүүгө каршы чыңдайт, ошондо кыйратуучу сепилге кирет.
10Алар болсо дарбазанын алдында ашкере кылган адамды жек көрүшөт, чындыкты сүйлөгөн адамдан жийиркенишет.
11Силер жакырды тебелеп-тепсеп, анын нанынын жакшысын тартып алып жатканыңар үчүн, жылмаланган таштардан үйлөрдү курсаңар да, ал үйлөрдө жашабайсыңар, эң сонун жүзүмзарларды өстүрсөңөр да, алардын шарабын ичпейсиңер.
12«Анткени Мен силердин кылмышыңар канчалык көп экенин, күнөөлөрүңөрдүн кандай оор экенин билем: силер адил адамдын душманысыңар, пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалайсыңар».
13Ошондуктан акыл-эстүү адам бул мезгилде унчукпайт, анткени бул – жаман мезгил.
14Тирүү калыш үчүн, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле. Ошондо өзүңөр айтып жаткандай, Себайот Кудай-Теңир силер менен болот.
15Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө, дарбазаңардын алдында акыйкаттыкты жактагыла. Балким, Себайот Кудай-Теңир Жусуптун калдыгына ырайым кылар.
16Ошондуктан Бардыгын Кармап Туруучу, Себайот Кудай-Теңир, мындай дейт: «Бардык аянттарда ый болот, бардык көчөлөрдө: “Аттиң! Аттиң!” – деп кыйкырышат. Дыйканды өкүргөнгө, мыкты кошокчуларды кошок кошконго чакырышат.
17Бардык жүзүмзарларда ый болот, анткени Мен сени аралап өтөм, – дейт Теңир.
18Теңирдин күнүн каалагандарга кайгы! Силерге Теңирдин ал күнүнүн эмне кереги бар? Ал күн – жарык эмес, караңгы күн.
19Ал күн – арстандан качкан адамдын алдынан аюу чыккандай, же үйүнө келип, колу менен дубалга таянган адамды жылан чаккандай болгон күн.
20Эмне, Теңирдин күнү караңгы эмеспи, жарыкпы? Ал караңгы, анда жаркыроо да жок.
21Силердин майрамдарыңарды четке кагам, аларды жек көрөм, салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңарды жыттабайм.
22Мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана нан курмандыгын алып келсеңер да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыңарды карабайм.
23Ырларыңдын үнүн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыңдын үнүн укпайм.
24Акыйкаттык суудай, чындык тынбай аккан дарыядай агып турсун!
25Ысрайыл, силер чөлдө жүргөн кырк жыл ичинде Мага арнап курмандыктарды, нан курмандыктарын чалдыңар беле?
26Силер Молохтун чатырын жана өзүңөр үчүн жасап алган кудайыңардын жылдызы болгон Райпан бурканыңарды көтөрүп жүрдүңөр.
27Ошон үчүн Мен силерди Дамасктан ары көчүрүп жиберем, – дейт Теңир. Анын ысымы – Себайот Кудай!