1Сиондо бейкапар жаткан, Самария тоосуна үмүттөнүп бейгам жаткан, элдердин арасында биринчилер деп аталган, Ысрайыл тукуму келип турган адамдарга кайгы!
2Калнейге өткүлө да, карап көргүлө. Ал жерден улуу Хаматка баргыла, анан пелиштиликтердин Гат шаарына түшкүлө. Алар бул падышачылыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердин жериңерден кенен бекен?
3Силер алаамат күндү алыс деп эсептеп, зомбулуктун бийлигин жакындатып жатасыңар,
4пил сөөгүнөн жасалган сөрүдө жатасыңар, төшөктө керилип жатасыңар, койлордун эң жакшысын, оттуу жайыттагы букачарларды жеп жатасыңар,
5гуслинин коштоосунда ырдап, аспапта Дөөткө окшоп ойнойбуз деп ойлойсуңар,
6шарапты ченебей ичип, эң жакшы майлар менен майланасыңар, Жусуптун кайгысын бөлүшпөйсүңөр!
7Ошон үчүн силер азыр туткундардын алдында туткундалып кетесиңер. Ошентип, керилип жаткандар, силердин кубанычыңар токтойт.
8Кудай-Теңир Өзү менен ант берип жатат, Себайот Кудай-Теңир мындай деп жатат: «Жакыптын текебердигинен жийиркенем, анын үйлөрүн жек көрөм, ошондуктан Мен шаарды жана анын ичинде эмне болсо, ошонун баарын душмандын колуна салып берем.
9Ошондо мындай болот: кайсы бир үйдө он адам калса, алар да өлөт.
10Ошондо алардын тууганы же сөөк өрттөөчү адам алардын сөөктөрүн үйдөн алып чыгып бара жатып, үйдүн жанында тургандан: “Жаныңда дагы киши барбы?” – деп сурайт. Тигил: “Эч ким жок”, – деп жооп берет. Анда ал ага: “Унчукпа! Анткени Теңирдин ысымын эскерүүгө болбойт”, – деп айтат.
11Анткени мына, Теңир буйрук берип, чоң үйлөрдү уратат, кичине үйлөрдү жарака кетирип кыйратат.
12Аттар аска менен чуркай алабы? Асканы өгүз менен айдоого болобу? Силер болсо акыйкаттыкты ууга, чындыктын жемишин эрменге айланттыңар.
13Силер болбогон нерселерге кубанып: “Биз бул кудуретке өзүбүздүн күчүбүз менен ээ болгон жокпузбу?” – дейсиңер.
14Мына, Мен, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – Ысрайыл, силерге каршы бир элди көтөрөм, ошондо ал эл силерди Хаматтын кире беришинен чөл суусуна чейин эзет».