1Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жайкы чөп чыга баштаганда, Теңир чегирткени жаратты. Ал чөп падышанын чөп чабыгынан кийин чыккан чөп эле.
2Чегиртке жердеги чөптөрдү жеп бүткөндө, мен: «Кудай-Теңир, ырайым кыла көр. Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.
3Ошондо Теңир өкүнүп: «Андай болбойт», – деди.
4Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жазалаш үчүн, Кудай-Теңир от чыгарды, ошондо ал от түпкүрдөгү чоң сууларды, жердин бир бөлүгүн жалмады.
5Ошондо мен: «Кудай-Теңирим, токтото көр! Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.
6Ошондо Теңир өкүнүп: «Бул да болбойт», – деди.
7Ал мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, Теңир тик дубал үстүндө турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.
8Теңир мага: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Теңир мындай деди: «Мына, Мен Өз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.
9Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».
10Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат. Анын бүт сөздөрүнө жер чыдай албайт.
11Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”».
12Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарчылык кыл.
13Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарчылык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын үйү».
14Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт дарагын өстүрчүмүн.
15Бирок Теңир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.
16Эми Теңирдин сөзүнө кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга каршы пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сөз сүйлөбө”, – деп жатасың.
17Ошон үчүн Теңир мындай дейт: “Шаарда сенин аялың бузуктук кылат. Уулдарың менен кыздарың кылычтан өлөт. Сенин жериң жер бөлгөн аркан менен бөлүнөт, өзүң болсо таза эмес жерде өлөсүң, Ысрайыл өз жеринен сөзсүз куулуп чыгат”».