1Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: мен бир себет бышкан жемишти көрдүм.
2Ал менден: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен: «Бир себет бышкан жемишти», – дедим. Ошондо Теңир мага мындай деди: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм.
3Ошол күнү падыша сарайындагы ырлар ыйга айланат, – дейт Кудай Теңир, – өлүктөр көп болот, ар кайсы жерде аларды үн-сөзсүз ыргытышат».
4Кембагалдарды жеп-жуткусу келгендер, жакырларды өлтүргүсү келгендер,
5«Жаңырган ай майрамы өтсө, биз нан сата алабыз, ишемби күнү өтсө, биз кампаларды ачабыз, эйфанын көлөмүн азайтабыз, шекелдин баасын көтөрөбүз, туура эмес таразалар менен алдайбыз,
6кедейлерди күмүшкө, кембагалдарды бир жуп бут кийимге сатып алабыз, ал эми дандын калбырдан өтпөй калганын сатабыз», – дегендер, муну уккула!
7Теңир Жакыптын даңкы менен ант берди: «Чындыгында, алардын бул иштеринин эч бирин түбөлүккө унутпайм!
8Мына ушундан жер солкулдабас бекен, анын үстүндө жашаган ар бир адам ыйлабас бекен? Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, ал Мисир дарыясына окшоп бирде көтөрүлүп, бирде төмөн түшөт.
9Ошол күнү мындай болот, – дейт Кудай-Теңир, – чак түштө күндү батырам, күндүз жерди караңгылатам,
10майрамдарыңарды кайгыга, ырларыңардын бардыгын ыйга айлантам, баарыңарга зумбал кийгизип, чачыңарды кырам. Өлкөдө жалгыз уулун жоктоп ыйлагандагыдай ый көтөрөм, анын аягы кайгылуу күн сыяктуу болот.
11Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен жер үстүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем.
12Ошондо Теңирдин сөзүн издеп, деңизден деңизге теңселип басышат, түндүктөн чыгышка сандалышат, бирок аны табышпайт.
13Ошол күнү ошол суусоодон сулуу кыздар менен жигиттер соолушат.
14Алар Самариянын күнөөсү менен: “Дан, сенин кудайың тирүү! Бейер-Шебага барчу жол тирүү!” – деп ант беришет. Алар кулашат, ошол бойдон турушпайт».