Амос 9:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Мен курмандык чалынуучу жайдын жанында турган Теңирди көрдүм, Ал мындай деди: «Мамылардын үстүнкү бөлүгүн ур, үйдүн төбөсү солкулдап, алардын башына түшсүн, ал эми калгандарын Мен кылыч менен өлтүрөм, алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт.

2Алар өлгөндөр жаткан жайга кирип кетишсе да, Менин колум аларды ошол жактан алып чыгат. Асманга чыгып кетишсе да, аларды ал жактан кулатам.

3Алар Кармел тоосунун чокусуна чыгып жашынып алышса да, ошол жерден аларды таап алып, колго түшүрөм. Менин көзүмдөн жашынып, деңиздин түпкүрүнө түшүп кетишсе да, ошол жерден деңиз жыланына аларды чагууга буйрук берем.

4Аларды өз душмандары туткундап кетишсе, ошол жерден да кылычка аларды өлтүрүүгө буйрук берем. Мен көзүмдү аларга жакшы күн көрсөтүү үчүн эмес, алаамат түшүрүү үчүн бурам».

5Анткени Себайот Кудай-Теңир жерге колун тийгизгенде, ал эрип кетет, ошондо анын үстүндө жашагандардын баары ыйлашат. Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, Мисир дарыясындай төмөн түшөт.

6Ал Өзүнүн жогорку үйлөрүн асманга тургузган, Өзүнүн негизин жер үстүнө орноткон. Ал деңиз сууларын чакырып, жер үстүнө төгүп турат. Анын ысымы – Теңир.

7«Ысрайыл уулдары, силер Мен үчүн Эфиопия уулдарындай эле эмессиңерби? – дейт Теңир. – Ысрайылды Мисир жеринен, пелиштиликтерди Каптордон, арамейлерди Кирден Мен алып чыккан жок белем?

8Мына, Кудай-Теңирдин көздөрү күнөөкөр падышачылыкка каршы, Мен аны жер бетинен жок кылам. Бирок Жакыптын тукумун биротоло кырып салбайм, – дейт Теңир.

9Анткени Мен буйрук берип, данды калбырлагандай, Ысрайыл урууларын бүт элдердин арасында калбырлайм, бир да дан жерге түшпөйт.

10Менин элимдин: “Бул алаамат бизге жетпейт, бизге келбейт”, – деген күнөөкөрлөрүнүн баары кылычтан өлөт.

11Ошол күнү Мен Дөөттүн кулаган чатырын калыбына келтирем, анын жик кеткен жерлерин бүтөйм, бузулган жерин оңдойм, аны байыркы күндөрдөгүсүндөй кылып тургузам.

12Алар Эдомдун калдыгын жана Менин ысымым менен аталган элдердин баарын ээлеп алышы үчүн ошондой кылам, – дейт ушунун бардыгын жасаган Теңир.

13Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү жер айдаган дыйкан оруп-жыюучуну кууп жетет, ал эми жүзүм сыккыч себүүчүнү кууп жетет. Ошондо тоолордон чыккан жүзүм ширеси бардык адырлардан агат.

14Ошондо Мен Өз элим Ысрайылды туткундан кайра алып келем, алар кыйраган шаарларды кайрадан куруп, аларга отурукташышат; жүзүмзарларды отургузуп, алардын шарабын ичишет; жемиш бактарын тигип, алардын мөмөлөрүн жешет.

15Мен аларды өздөрүнүн жерине жайгаштырам, ошондон кийин алар өздөрүнүн Мен берген жеринен куулуп чыгарылбайт, – дейт сенин Кудай-Теңириң».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>