Аюб 1:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болчу.

2Анын жети уулу, үч кызы болгон.

3Анын энчисинде: жети миң майда мал, үч миң төө, беш жүз жуп өгүз, беш жүз ургаачы эшек жана көп сандаган үй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон.

4Анын уулдары чогулуп, ар бири өз үйүндө, өз күнү келгенде, той өткөрүп турчу. Алар чогуу ичип-жеш үчүн, үч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу.

5Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу.

6Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.

7Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.

8Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам», – деди.

9Ошондо шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?

10Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар.

11Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»

12Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуңда, бирок өзүнө тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетти.

13Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жаткан күнү

14Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди:

15«Өгүздөр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жүрүшкөн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

16Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, кулдарды да күйгүзүп кетти. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

17Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Каздимдиктер үч топко бөлүнүп алып, төөлөргө кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

18Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Сенин уулдарың менен кыздарың тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышканда,

19чөлдөн катуу шамал келип, үйдү талкалады. Балдарыңды үй басып калды, алар өлүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

20Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып:

21«Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» – деди.

22Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>