1Жашоодон жададым. Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм.
2Кудайга мындай деп айтам: “Айыптабачы мени. Айтчы мага, эмне үчүн мени менен күрөшүп жатасың?
3Өз колуң менен жаратканыңды кыйнаганың, аны жек көргөнүң, ал эми мыйзамсыздардын ишине жарык бергениң Сен үчүн жакшыбы?
4Көзүң адамдыкындай көзбү? Сен адам карагандай карайсыңбы?
5Өмүрүң адамдын өмүрүндөйбү, жашың эркек кишинин жашындайбы?
6Эмнеге менден айып издеп жатасың? Эмнеге менин күнөөмдү изилдеп жатасың?
7Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуңдан мени эч ким куткара албастыгын билесиң да.
8Мени Өз колуң менен жасадың эле, мени бүт бойдон Өзүң жараттың эле, эми мени Өзүң жок кыласыңбы?
9Эстечи, Сен мени топурактан жасабадың беле? Эми мени күлгө айлантканы турасыңбы?
10Мени сүт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан Сен эмес белең?
11Мага тери менен эт чаптап, мени сөөк жана тарамыш менен бекиткенсиң.
12Мага өмүр жана ырайым бербедиң беле, менин рухумду Сенин камкордугуң сактабады беле?
13Бирок муну да Сен Өз жүрөгүңө жашырып койдуң, Сенин оюңда бул бар экенин билем,
14эгерде мен күнөө кылсам, Сен байкап каласың, күнөөмдү жазасыз калтырбайсың.
15Эгерде мен айыптуу болсом, мага кайгы! Ак болгон күндө да, башымды көтөргөнгө батына албайм. Мен кордукка тойдум, менин кыйынчылыгыма көңүл бур.
16Азабым арбып баратат. Сен менин артымдан арстандай кубалап келип, мага кайрадан кол саласың, кудуретиңди көрсөтөсүң.
17Мага каршы улам жаңы күбөлөрүңдү коюп жатасың. Каарыңды күчөтүп жатасың. Мени кырсык үстүнөн кырсык басып жатат.
18Сен мени эмнеге энемдин ичинен алып чыктың? Көз көрө электе эле өлүп калганым артык эмес беле?
19Мен жарык дүйнөгө келбей эле койсом эмне, энемдин ичинен чыкканда эле көргө коюлсам эмне!
20Менин өмүрүм кыска эмеспи? Мени жайыма кой, менден четтеп кет.
21Караңгылык менен өлүм сөлөкөтү өкүм сүргөн өлкөгө келбес болуп кеткенге чейин,
22баш аламан, жарыгы да караңгы, караңгылыгы өлүм сөлөкөтүнүн караңгылыгындай болгон караңгы өлкөгө кеткенге чейин, бир аз көңүлүмдү көтөрүп алайын”».