1Ошондо наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
2«Көп сөз кантип жоопсуз калсын? Же көп сүйлөгөн адамдыкы эле туура бекен?
3Сенин маңызсыз сөздөрүң адамдардын оозун жаба алабы? Же ооз көптүргөн сөздөрүң үчүн сени уяткарып койчу адам жок бекен?
4Сен: “Менин оюм туура, Сенин алдыңда мен тазамын”, – дедиң.
5Эгерде Кудай сүйлөсө, Ал сага каршы сүйлөсө,
6сага адамдын акылы жеткис терең сырларын ачса, анда сен эки эсе жазаланат элең! Ошондуктан билип кой, Кудай сенин кээ бир мыйзамсыз иштериңди эсине алган жок.
7Кудайды сен изилдөөң менен таба аласыңбы? Кудуреттүү Кудайды толук түшүнө аласыңбы?
8Ал асмандан да бийик, эмне кыла аласың? Ал өлгөндөр жаткан жайдан терең, эмне биле аласың?
9Анын ченеми жерден узун, деңизден кенен.
10Эгерде Ал өтүп бара жатып эле кимдир бирөөнү туткундап алып, жазага тартса, Ага ким каршы чыга алат?
11Анткени Ал калпычы адамдарды билет, мыйзамсыздыкты көрүп турат, анан кантип ага көңүл бурбай койсун?
12Жапайы эшектен адам төрөлбөгөндөй эле, акылсыз адам акылдуу боло албайт.
13Эгерде жүрөгүңдү өзгөртүп, Кудайга колдоруңду сунсаң,
14эгерде сенин колуңда күнөө болсо, бирок аны жоюп койсоң, өз чатырыңда мыйзамсыздыктын жашашына жол бербесең,
15анда жүзүң жарык болот, бекем болосуң, коркпойсуң.
16Ошондо сен кайгыны унутасың, аны агып кеткен суудай эскересиң.
17Өмүрүң чайыттай ачык күндөн да ачык болот. Таң сыяктуу агарасың.
18Тынч жашайсың, анткени үмүтүң бар. Сен коргоодосуң, ошондуктан тынч уктай берсең болот.
19Жатканда, сени эч ким коркутпайт. Көпчүлүк сенден ырайым издейт.
20Ал эми мыйзамсыздар карайлап калышат, баш калкалар жайынан айрылышат, үмүттөрү үзүлөт».