Аюб 12:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Аюб мындай деп жооп берди:

2«Чынында, силер, бар болгону, адамсыңар, акылмандыгыңар өзүңөр менен кошо жок болот!

3Менде да силердикиндей эле жүрөк бар. Силерден мен кем эмесмин. Муну ким билбейт?

4Өз досума шылдың болдум, Кудайга кайрылып жүргөн, Анын Өзүнөн жооп алып жүргөн мендей адил, кемчиликсиз адам күлкү болду.

5Тынч жашаган адам кырсыкты жек көрүү керек деп эсептейт, кырсык бутунан мүдүрүлгөнгө даярдалган деп ойлойт!

6Талап-тоноочулар өз үйлөрүндө тынч жашашат, Кудайды өз колуна көтөрүп жүргөнсүп, Аны каарданткандар да коопсуз жашашат.

7Чынында, жаныбардан сурасаң, ал сага үйрөтөт, асмандагы чымчыктан сурасаң, ал сага кабарлайт.

8Же болбосо жер менен маектешип көр, ал сага акыл-насаат айтат, деңиздеги балыктар да сага айтып беришет.

9Ушунун бардыгын көрүп туруп, муну Теңирдин колу жаратканын ким билбейт?

10Ар бир тирүү жандын жаны, ар бир адамдын руху Анын колунда.

11Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?

12Даанышмандык карыларда, акыл көп жашагандарда болот.

13Акылмандык менен күч Кудайда. Акыл менен кеңеш Анда.

14Ал кыйраткан нерсе кайра курулбайт. Ал камаган бошонбойт.

15Сууларды токтотуп койсо, бардыгы куурап калат. Коё берсе, жер көркүнө чыгат.

16Кудурет да, даанышмандык да Анда, адашкан адам да, адаштырган адам да Анын алдында.

17Ал кеңешчилерди акыл-эсинен ажыратат, сотторду акылсыз кылат.

18Ал падышаларды кишенден бошотот, алардын белдерин кур менен курчайт.

19Төрөлөрдү даражасынан ажыратат, эр жүрөктөрдүн күчүн майтарат.

20Чечендерди тилинен, карыларды акылынан ажыратат.

21Атактууларды уятка калтырат, күчтүүлөрдү алсыратат.

22Караңгы туңгуюктун түпкүрүн ачат, өлүм көлөкөсүн жарыкка чыгарат.

23Элдерди көбөйтөт да жок кылат. Элдерди чачыратып жиберет да чогултат.

24Эл башчыларын акылдан ажыратат, жолсуз чөлгө калтырат.

25Алар жарыгы жок караңгы жерде сыйпалап басышат, мастардай темтеңдешет».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>