Аюб 13:1-28 KYB2004 - Bible AI

1«Мына ушунун баарын көзүм көрдү, кулагым укту, өзүм үчүн көңүлүмө түйүп койдум.

2Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.

3Бирок мен кудуреттүү Кудай менен сүйлөшкүм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.

4Силер болсо жалганчысыңар. Бардыгыңар эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.

5Унчукпай калсаңар кана! Силердин акылмандуулугуңар ошол болмок.

6Менин сөзүмө кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме көңүл бургула.

7Кудай үчүн калп айтыштын кереги бар беле, Ал үчүн жалган сүйлөштүн зарылдыгы бар беле?

8Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?

9Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыңарбы?

10Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар да, Ал силерди катуу жазалайт.

11Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?

12Силердин эскертүүңөр күлгө окшош. Силердин таяныч-чебиңер – ылай коргондор.

13Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай күн түшсө түшсүн, мен сүйлөйүн.

14Эмне үчүн мен өз денемди өз тишим менен тиштегилешим керек, эмне үчүн өз жанымды өз колум менен кыйышым керек?

15Мына, Ал мени өлтүрүп жатат, бирок мен Андан үмүт кылам. Анын алдында өз жолумду коргосом эле болду!

16Ушунун өзү эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жүздүү адам Анын алдына келбейт.

17Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, менин түшүндүргөнүмө кулак салгыла.

18Мен өз ишимди сотко өткөрүүгө даярмын, анткени меники туура экенин билем.

19Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? Эгерде бар болсо, мен унчукпай, өлүп калмакмын.

20“Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жүзүңдөн жашынбайм.

21Менден колуңду тарт, Сенин коркунучуң мени калтыратпасын.

22Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сүйлөйүн, Сен мага жооп бер.

23Менин канча кемчилигим, канча күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт!

24Эмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени Өзүңө душман санайсың?

25Сен үзүлгөн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуңбу? Куураган бир тал самандын артынан сая түшкөн жоксуңбу?

26Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасың, жаш кездеги күнөөлөрүмдү мойнума коюп жатасың,

27буттарымды көзөнөк жыгач калканга салып жатасың, менин баскан изимди аңдып турасың, артымдан сая түшөсүң.

28Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, күбө жеген кийимдей болуп калдым.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>