Аюб 14:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон.

2Ал гүл сыяктуу чыгат да, соолуп, күбүлүп калат. Көлөкөдөй качат, токтобойт.

3Сен ушундай адамга да көзүңдү кадайсыңбы, мени Өзүң менен соттошууга алып барасыңбы?

4Таза эместен ким таза болуп төрөлсүн? Эч ким.

5Эгерде анын өмүрүн ченеп койсоң, ай-күндөрү Сенин колуңда турса, эгерде Сен анын өтө албаган чегин чектеп койсоң,

6анда андан жүзүңдү бур. Ал жалчынын күндөрүндөй болгон күндөрү бүткүчө, эс алып алсын.

7Даракта үмүт бар, ал кыйылса да, кайра өсөт, чырпыктары токтоосуз чыга берет.

8Эгерде анын жердеги тамыры картайып, дүмүрүн топурак басып катып калса да,

9сууну сезери менен, жаш чырпык чыгарып, жаңы отургузулган көчөттөй болуп, бутактарын жаят.

10Адам болсо өлөт, анан чирийт. Адам өлдү, эми ал кайда?

11Көлдөн суулар агып кетет, дарыя соолуп, какшыйт,

12адам да жатса турбайт. Асман жок болмоюнча, ал ойгонбойт, уйкусунан турбайт.

13Оо, каарың тарап кеткенче, Сен мени өлгөндөр жаткан жайга бекитип, жашырып турсаң кана! Анан мага мөөнөт берип, ошондон кийин гана мени эстесең кана!

14Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле? Анда мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды күтөр элем.

15Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең.

16Ошондо Сен менин кадамымды эсептер элең, күнөө кылып жатканымда карап турбас элең.

17Сен менин мыйзамсыздыгымды түрмөк кагазга жазып мөөр басып салар элең, менин айыбымды жаап салар элең.

18Бирок тоо кулап талкаланат, аска-зоо ордунан козголот.

19Суу таштарды жеп кетет, анын ташкыны жер топурагын жууп кетет. Сен адамдын үмүтүн да так ошондой жок кыласың.

20Аны акырына чейин кысымга аласың, ал кетет. Жүзүн өзгөртүп, аны кетиресиң.

21Балдары ардакталып жатабы, ал аны билбейт; кор болуп жатабы, ал аны сезбейт.

22Бирок анын денеси сыздап, жаны кыйналып жатат”».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>