Аюб 15:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2«Акылман маңызы жок билим менен жооп бермек беле? Кардын ысык желге толтурмак беле?

3Пайдасыз сөздөр менен, күчү жок кеп менен актанмак беле?

4Кудайдан коркконду да унуттуң, Кудайга сүйлөгөндү да оңой көрүп жатасың.

5Күнөөң оозуңду ушунчалык күүлөгөн экен, сен амалкөй адамдардын тилин тандап алдың.

6Сени мен эмес, өз оозуң айыптап жатат, өз тилиң өзүңө каршы сүйлөп жатат.

7Сен эмне, биринчи адам болуп туулдуң беле? Адырлардан мурда жаралдың беле?

8Сен эмне, Кудайдын кеңешин угуп, акылмандыкка ээ болуп калдың беле?

9Биз билбегенди сен билесиңби? Биз түшүнбөгөндү сен түшүнөсүңбү?

10Арабызда атаңан да улуу, ак сакалдуу да, кары да бар.

11Сага Кудайдын сооротуусу аздык кылабы? Сен ушуну да билбейсиңби?

12Жүрөгүң сени кайда ээликтирип жатат, эмнеге мынчалык текебер карайсың?

13Эмнеге Кудайга каршы рухуңду багыттайсың? Мындай сөздөрдү кантип оозуңа алдың?

14Таза болгудай, адам ким? Аялдан төрөлгөн адил болмок беле?

15Ал Өз ыйыктарына да ишене албайт, Анын алдында асман да таза эмес.

16Адилетсиздикти суудай ичкен адам андан бетер таза эмес, ыпылас.

17Мен сүйлөйүн, сен кулак сал. Көргөнүмдү сага айтып берейин.

18Акылмандар аталарынан уккандарын жашырышкан эмес.

19Жер аларга гана берилген, алардын арасында бөлөк-бөтөн элдер болгон эмес.

20Мыйзамсыз өмүр бою өзүн өзү кыйнап өтөт, зулумга өмүр жылдары жашыруун.

21Анын кулагына үрөй учурган дабыштар угулат. Бейкапар жашап жатканда, ага кыйратуучу келет.

22Караңгылыктан кутуларына ишенбейт. Өзүн кылыч күтүп турганын билет.

23Бир сындырым нан үчүн анын кыдырбаган жери калбайт. Өзү үчүн караңгылыктын күнү даярдалганын билет.

24Жокчулук менен кысымчылык анын жүрөгүнүн үшүн алып, аны согушка камданган падышадай басып алат.

25Анткени ал Кудайга каршы кол сунуп, кудуреттүү Кудайга каршы чыкты.

26Калың калканын алып, кекирейип, Ага каршы бет алды.

27Анткени анын бетин май басты, сандары жоонойду.

28Ал бүлүнгөн шаарларды, урап түшөрүнө аз калган ээн үйлөрдү турак кылат.

29Ал бай болбойт, анын мал-мүлкү тура бербейт, тапканы жер жүзүнө тарабайт.

30Караңгылыктан качып кутулбайт. Анын көчөттөрүн жалын жалмайт, аны Өзүнүн оозунун жели менен алып кетет.

31Адашкан адам курулай убаракерчиликке таянбай эле койсун, анткени анын шыбагасы да курулай убаракерчилик болот.

32Ал мезгилсиз өлөт, анын бутагы көгөрбөйт.

33Ал жүзүм сабагы сыяктуу, бышпаган мөмөсүн силкип салат, зайтун дарагы сыяктуу, гүлүн күүп салат.

34Кудайсыздардын үйү ушинтип кыйрайт, паракордун үйүн өрт жалмайт.

35Анын боюна кыянаттык бүтүп, жалгандык төрөдү, курсагы алдамчылык даярдайт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>