1Аюб мындай деп жооп берди:
2«Мен мындайдын далайын уккам. Баарыңар эч нерсеге жарабаган сооротуучусуңар.
3Маанисиз сөзүңөрдүн аягы болобу? Ушинтип жооп берүүңө эмне түрткү болду?
4Эгерде силер менин ордумда болсоңор, мен да силердей эле сүйлөмөкмүн. Силерге каршы сөз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.
5Силерди сөзүм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.
6Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.
7Бирок азыр Ал мени алсыратып бүттү. “Сен менин бүт үй-бүлөмдү кыйраттың.
8Мага каршы күбө катары бетиме бырыш түшүрдүң. Менин жабыркаганым өзүмө каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат”.
9Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген көзүн албайт.
10Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыңдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сүйлөшүп алышкан.
11Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.
12Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, Өзүнө бута кылып койду.
13Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, өтүмдү жерге төктү.
14Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени көздөй жоокердей атырылып келе жатат.
15Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.
16Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – өлүм сөлөкөтү.
17Ошондой болсо да эч кимге зордук көрсөткөн жокмун, сыйынуум да таза.
18Оо жер! Менин канымды жашыра көрбө, менин муң-зарыма орун болбосун.
19Азыр менин Күбөм асманда, менин Коргоочум жогоруда!
20Көп сүйлөгөн досторум! Көз жашым Кудайга төгүлүп жатат.
21Оо, адам баласы өз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!
22Анткени менин көрөр күнүм бүттү, келбес сапарыма кеткени турам.