Аюб 17:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Алдан тайдым, өмүрүмдүн шамы өчүп баратат, көр оозунда турам.

2Алардын шылдыңы болбогондо, талаш-тартышта солк этпей туруп берет элем.

3“Мага болуш, мен үчүн Өзүңдүн алдыңда Өзүң кепилдикке өт! Болбосо ким мага кепил болот?

4Анткени Сен түшүнбөсүн деп, алардын акылын жаап салдың, ошондуктан алардын жеңишке жетишине жол бербейсиң”.

5Досторун душманга олжо кылган адамдын балдарынын көзү агып калат.

6Ал мени элге лакап, күлкү кылды.

7Кайгыдан көздөрүм тунарды, бүт мүчөм сөлөкөт болуп калды.

8Бул тууралуу адил адамдар таң калышат. Айыпсыз адам эки жүздүү адамга кыжырданат.

9Бирок адил адам өз жолун бек кармайт, колу таза адам барган сайын күч алат.

10Баарыңар чогулуп келип сүйлөсөңөр да, араңардан акылманды таппайм.

11Менин өмүрүм өттү. Жүрөгүмдүн энчиси болгон ойлорум кыйрады.

12Алар болсо түндү күнгө айланткысы, жарыкты караңгыга жакындаткысы келет.

13Канчалык күтсөм да, менин үйүм – өлгөндөр жаткан жай. Мен төшөгүмдү караңгы жерге төшөйм.

14Көрүмө: “Сен менин атамсың”, – дейм, куртка: “Менин энемсиң да эжемсиң”, – дейм.

15Ушундан кийин мен эмнеден үмүттөнөм? Менин күткөнүмдү ким көрөт?

16Ал үмүт мени менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүп, мени менен бирге топуракка жатат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>