Аюб 18:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:

2«Ушундай сөзүңөрдү качан токтотосуңар? Жакшылап ойлонгула, анан сүйлөйбүз.

3Эмне үчүн биз айбан катары эсептелишибиз керек? Эмне үчүн биз сенин алдыңда кемсинтилишибиз керек?

4Оо, сен, ачууланып, өзүн азапка салган неме! Сен үчүн жер ээн калмак беле, сен үчүн аска-зоо ордунан козголмок беле?

5Ооба, мыйзамсыздын жарыгы өчөт, анын отунан учкун калбайт!

6Чатырындагы жарык караңгылайт, анын үстүндөгү шамы да өчөт.

7Анын кудуреттүү кадамы кыскарат, өзүнүн ою өзүн кулатат.

8Анткени ал өз буту менен торго түшөт, тордун үстүндө басат.

9Анын буту тузакка түшөт, ошондо тоноочу аны кармап алат.

10Ал үчүн жерге тузак жашыруун тартылган, жолуна капкан коюлган.

11Бардык тарабынан коркунучтар анын үрөйүн учуруп, ары-бери алдастатат.

12Ачкалыктан алы кетет, өлүм анын жанында даяр турат.

13Анын дене мүчөлөрүн оору жейт, анын мүчөлөрүн эң жаман оору мүлжүйт.

14Үмүтү чатырынан куулат, бул аны үрөй учурган коркунучтар падышасына түшүрөт.

15Анын чатырына башка бирөөлөр кирет, анткени ал эми аныкы эмес. Анын үйүнө күкүрт чачылат.

16Түбүндөгү тамыры кургайт, үстүндөгү шак-бутактары соолуп калат.

17Анын аты жер үстүнөн өчөт, анын ысымы аянтта оозго алынбай калат.

18Аны жарыктан караңгылыкка кууп, жер үстүнөн жок кылышат.

19Өзүнүн элинде анын уулу да, небереси да болбойт, анын турагында эч ким калбайт.

20Ал жөнүндө укканда, кийинки муундун үрөйү учат, замандаштары калтырап турушат.

21Мыйзамсыздын өмүрү мына ушундай, Кудайды билбегендин тагдыры мына ушундай».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>