Аюб 19:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Аюб мындай деп жооп берди:

2«Качанкыга чейин жанымды кейите бересиңер? Качанкыга чейин мени сөзүңөр менен кыйнай бересиңер?

3Мына, мени ушуну менен он мертебе маскара кылдыңар, мени кыйнап-кыстагандан уялбадыңар.

4Эгерде мен чындыгында эле кылмыш кылсам, анда менин күнөөм өзүмдө калат.

5Эгерде өзүңөрдү менден жогору койгуңар келсе жана мени маскара болгонум үчүн жемелегиңер келсе,

6анда мени Кудай жыкканын, туш-тушума Өзүнүн торун жайып койгонун билгиле.

7Ошондуктан мен: “зордук!” – деп кыйкырып жатам, бирок эч ким укпайт. Жардамга чакырып жатам, бирок акыйкаттык жок.

8Ал менин жолумду бөгөдү, ошондуктан мен өтө албай жатам, менин жолума караңгылык түшүрдү.

9Менден атак-даңкты буруп кетти, башымдан таажымды чечип алды.

10Мени бүт бардыгынан ажыратты, өзүм да бүтүп баратам. Yмүтүмдү дарак сыяктуу түбүнөн омкорду.

11Мага Өзүнүн каарын чачып, мени Өзүнүн кас душманы катары эсептеди.

12Анын түмөн кошууну биригип келди, багытын мага буруп, менин чатырымды курчап алышты.

13Ал менден бир туугандарымды алыстатты, мени билгендер менден оолактап калышты.

14Жакындарым мени таштап кетишти, тааныштарым мени унутуп коюшту.

15Yйүмдөгү келгиндер жана күңдөрүм мени бөтөн адам катары эсептешет. Аларга мен жат кишидей болуп калдым.

16Кызматчымды чакырсам, ал мага жооп бербейт. Мен ага жалынып-жалбарышым керек.

17Дем алганым өз аялыма жакпай калды, өзүмдөн чыккан балдарым үчүн ага жалынышым керек.

18Атүгүл, мени кичинекей балдар да жек көрүшөт. Өйдө турсам, алар мени шылдың кылышат.

19Ынак досторум да менден жийиркенип калышты. Жакшы көргөн адамдарым да мага каршы чыгып калышты.

20Сөөктөрүм денем менен териме жабышып, тишимдин бүйлөсү менен гана калдым.

21Ырайым кылгыла мага, досторум, мага силер ырайым кылгыла, анткени мага Кудайдын колу тийди!

22Эмнеге силер да мени Кудай сыяктуу куугунтуктайсыңар, эмнеге этиме тойбой жатасыңар?

23Оо, менин сөздөрүм жазылып калса кана! Алар китепке жазылса кана!

24Коргошунга темир кескич менен чегилсе кана! Аска ташка түбөлүккө басылса кана!

25Мен болсо Куткаруучум тирүү экенин билем, Ал акыркы күнү менин чирип бара жаткан теримди топурактан кайра тургузат.

26Мен өз денемде Кудайды көрөм.

27Мен Аны өзүм көрөм. Башка бирөөнүн көзү эмес, Аны өзүмдүн көзүм көрөт. Көкүрөгүмдө жүрөгүм эрип бара жатат!

28Силер: “Биз аны эмнеге куугунтукка алып жатабыз?” – деп айтууңар керек эле. Менден кыянаттыктын тамыры табылгандай карайсыңар да.

29Кылычтан корккула, анткени кылыч жалгандан өч алат. Сот бар экенин билип койгула».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>