1Наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
2«Өзүмдүн ойлорум мени жооп берүүгө түртүп жатат, ошондуктан мен аны билдирүүгө шашылам.
3Мени ыза кылган жемени уктум, мен үчүн акыл-эсим жооп берет.
4Сен эмне, байыртадан бери, адам баласы жер бетине коюлгандан бери эмне болгонун билбейсиңби?
5Мыйзамсыздардын шаттыгы убактылуу экенин, эки жүздүүнүн кубанычы көз ирмем экенин билбейсиңби?
6Анын даражасы асманга жетсе да, төбөсү булуттарга тийсе да,
7өзүнүн заңына окшоп, ал түбөлүккө жоголот. Аны көргөндөр: “Ал кайда?” – дешет.
8Көргөн түштөй көздөн кайым болот, аны таппай калышат. Ал түнкү көрүнүштөй жоголот.
9Аны көргөн көз аны экинчи көрбөйт, ал отурган орун аны билбей калат.
10Анын уулдары жакырлардан кайыр сурап калат, ал уурдагандарын өз колу менен кайрып берет.
11Анын сөөктөрү жаштыктын күчүнө толгон, бирок ал аны менен бирге топуракка жатат.
12Эгерде кыянаттык анын оозунда балдай таттуу болсо, ал аны тилинин астында жашырып турса,
13аны сактап жүрсө, таштап салбай, оозунда кармап жүрсө,
14анда анын ушул тамагы ичинде уулуу жыландын уусуна айланат.
15Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат. Кудай аны анын курсагынан чыгарат.
16Ал жыландын уусун соруп жатат, аны уулуу жыландын тили өлтүрөт.
17Ал бал менен сүт аккан өзөндөрдү, дарыяларды көрбөй өтөт.
18Тапканын кайтарып берет, жутпайт. Анын алган жазасы да байлыгына жараша болот, кубанбайт.
19Анткени ал жакырларды эзген, куру кол коё берген, өзү курбаган үйлөрдү тартып алган.
20Курсагы тойгонун билбеген, ач көздүгүнөн эч нерсени аяган эмес.
21Анын соргоктугунан эч нерсе качып кутулган эмес. Ошон үчүн анын бактысы туруктуу эмес.
22Ашып-ташыган молчулук болуп турса да, ал кысталышта калат. Ыза болгон ар ким ага кол көтөрөт.
23Ал курсагын толтургандан кийин, Кудай ага Өзүнүн каарын чачат да, анын денесине дарт жаадырат.
24Ал темир куралдан качып кутулса, аны жез жебе тешип өтөт.
25Жебени сууруп алайын десе, ал денесин тешип чыгат, жарк этип, өтүн тешип чыгат. Аны өлүм коркунучу басып калат!
26Бардык караңгы нерселер анын ичинде жашырылган. Аны эч ким тутантпаган от жалмайт. Анын чатырында тирүү калганын да кырсык басат.
27Анын мыйзамсыздыгын асман ачат, жер ага каршы чыгат.
28Анын үйүнө жыйганы жок болот, Кудайдын каары келген күнү бардыгы агып жок болот.
29Мыйзамсыз кишиге Кудай берген үлүш ушул, кудуреттүү Кудай бөлүп берген мурас ушул».