1Аюб мындай деп жооп берди:
2«Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, силердин укканыңар менин көңүлүмдү жубатат.
3Чыдап тургула, мен сүйлөйүн. Мен айтып бүткөндөн кийин, шылдыңдай бергиле.
4Мен адамга даттанып жатамбы? Анан кантип мен жүрөкзаадалык кылбайын?
5Мени карагыла, үрөйүңөр учсун. Колуңар менен оозуңарды жапкыла.
6Эстесем эле селт этем, денемди калтырак басат.
7Эмне үчүн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет, анан калса, күүлүү-күчтүү?
8Балдары тегерегинде, неберелери маңдайында.
9Yйлөрү коркунучтан коопсуз, алардын үстүндө Кудайдын таягы жок.
10Алардын букалары тукум берет, уругун бекер агызбайт. Алардын уйлары тууйт, музоо салбайт.
11Өз балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат, алардын балдары так секирип ойношот.
12Дап менен кыл аспаптын коштоосунда ырдашат, чоордун коштоосунда көңүл ачышат.
13Күндөрүн бактылуу өткөрүшөт да, өлгөндөр жаткан жайга көз ирмемде киришет.
14Ошондой болсо да алар Кудайга мындай дешет: “Бизден ары кет, Сенин жолдоруңду билгибиз келбейт!
15Биз кызмат кылгыдай, кудуреттүү Кудай ким болуп калыптыр? Ага кайрылганда эмне пайда?”
16Көрдүңбү, алардын бактысы өздөрүнүн колунан чыккан эмес. Мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!
17Мыйзамсыздардын чырагы кээде эле өчөт, алардын башына кээде эле мүшкүл түшөт, Кудай Өзүнүн каары менен аларды кээде эле кайгыга салат.
18Алар шамал алдындагы самандай, куюн учурган жука кабыктай болушу керек.
19“Кудай алардын ордуна балдарын жазалайт”, – дейсиң. Ал өз күнөөсүн билиш үчүн, Кудай анын өзүн жазаласын.
20Ал өз жазасын өзү тартсын, кудуреттүү Кудайдын каарын ал өзү ичсин.
21Анткени анын көзү өткөндөн кийин, үй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар?
22Кудай асмандагыларды да жазага тартып жатса, ким Ага акыл үйрөтө алат?
23Кээ бирөөлөр өз күчү толуп турганда, кайгы-капасыз тынч өлүшөт.
24Анын ичеги-карды майлуу, анын жилиги чучуктуу.
25Кээ бирөөлөр жакшылык көрбөй, жаны кайгыга батып өлүшөт.
26Бирок экөө тең топуракка жатат, аларды курт каптайт.
27Мага каршы ойлоп тапкан оюңар менен амалыңарды билем.
28“Төрөнүн үйү кайда? Мыйзамсыздар жашаган чатыр кайда?” – дейсиңер.
29Силер саякатчы адамдардан сураган жок белеңер? Алардын байкоолору менен тааныш эмессиңерби?
30Зулумга өлөр күнү да ырайым болорун, каар күнү ал четте каларын билбейсиңерби?
31Ага жолун ким көрсөтөт? Кылган иши үчүн анын жазасын ким берет?
32Аны көргө узатышат, анын мүрзөсүнө сакчы коюшат.
33Ага өрөөндүн кесек таштары да жакшы көрүнөт, анын артында толгон эл баратат, алдында бараткандарга сан жетпейт.
34Мени курулай сөздөр менен соороткуңар барбы? Силердин жообуңар жалаң калп болуп жатат».