Аюб 22:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2«Адам Кудайга пайда келтире алмак беле? Акылдуу өзүнө пайда келтирет.

3Сенин адил болгонуңдан кудуреттүү Кудай кандай ырахат алмак эле? Өз жолуңду таза сактаганыңдан Ага кандай пайда?

4Ал сенден коркуп кетип, сени менен талашып-тартышмак беле? Сени менен соттошмок беле?

5Чын эле, сенин кыянаттыгың чоң болсо керек, сенин мыйзамсыздыгыңа чек жок болсо керек.

6Чын эле, сен эч нерсе бербей туруп, бир туугандарыңдан күрөө алсаң керек, ач-жылаңачтардын кийимин сыйрып алсаң керек.

7Суусаганга суу бербесең керек, ачкага нан бербесең керек.

8Ал эми алдуу-күчтүүгө жер берсең керек, ал жерге мансабы чоң киши отурукташса керек.

9Жесирлерди эч нерсе бербей кетирсең керек, жетимдерди куру кол калтырсаң керек.

10Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду, сени күтүлбөгөн коркунуч басты.

11Же болбосо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады, ташкындаган сел астында калдың.

12Кудай асмандан да жогоруда эмеспи! Тээ бийиктеги жылдыздарды карачы, алар канчалык бийик!

13Сен болсо: “Кудай эмнени билет? Ал караңгылыктан бизди көрүп, соттой алмак беле?

14Булут – Анын пардасы, ошондуктан Ал эч нерсе көрбөйт, асман мейкиндигинде гана жүрөт”, – дейсиң.

15Сен, чын эле, байыркылардын жолун жолдоп жүрсөң керек. Ал жол менен мыйзамсыз адамдар жүрүшкөн,

16алардын негизинин астын суу каптаганда, алар мезгилсиз кырылышкан.

17Алар Кудайга: “Бизден оолак бол” – дешкен. Алар: “Кудуреттүү Кудай бизге эмне кыла алмак эле?” – дешкен.

18Бирок алардын үйлөрүн Ал мал-мүлккө толтурду. Бирок мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!

19Адилдер көрүп кубанышты, такыбаа адам аларга:

20“Душманыбыз кырылды, алардан эмне калса, ошону от жалмады”, – деп күлдү.

21Кудайга жакында, Аны менен элдеш, ушул аркылуу сага жакшылык келет.

22Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Анын сөздөрүн көкүрөгүңө түйүп ал.

23Эгерде кудуреттүү Кудайга кайрылсаң, анда кайра калыбыңа келесиң, үйүңдү мыйзамсыздыктан арылтасың.

24Алтын сен үчүн топурактай, Опир алтындары суудагы таштардай болуп калат.

25Кудуреттүү Кудай сенин алтының жана жаркыраган күмүшүң болот.

26Ошондо сен кудуреттүү Кудайдан кубаныч аласың, Кудайга башыңды көтөрөсүң.

27Сыйынасың, үнүңдү угат, сен да өз убадаларыңды орундатасың.

28Бир нерсени ниет кыласың, ал ниетиң ишке ашат, жолуңа жарык чачырайт.

29Кимдир бирөө кемсинтилгенде, сен: “Жогору көтөрүлүү”, – дейсиң. Ошондо Ал көңүлү чөккөндү куткарат.

30Ал айыптуу адамды да куткарат. Ал адам сенин колуңдун тазалыгы менен куткарылат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>