1Аюб мындай деген жооп айтты:
2«Бүгүн да менин сөзүм кайгылуу. Тарткан азаптарым онтоолорумдан оор.
3Оо, мен Аны кантип табарымды билсем кана, Анын тагына жакындай алсам кана!
4Анда мен анын алдында өз иштеримди айтып бермекмин, оозумду актана турган сөзгө толтуруп алмакмын.
5Анын мага эмне деп жооп берерин билип алмакмын, Анын мага эмне айтарын түшүнүп алмакмын.
6Кантип эле Ал эбегейсиз кудуреттүү болуп туруп, мени менен таймашсын? Жок, Ал антпейт! Ал мага көңүл буруп эле койсо кана!
7Ошондо адил адам Аны менен таймаша алмак, ошондо мен да өз Өкүмдарымдан түбөлүк азаттык алмакмын.
8Бирок мен чыгышка барсам да, Ал жок, батышка барсам да, Аны байкабайм.
9Түндүктөн издесем да, Аны таппайм, Ал түштүктө жашынып турабы дейин десем, ал жактан да көрүнбөйт.
10Бирок Ал менин жолумду билет. Мейли, мени сынап көрсүн, ошондо мен алтындай болуп чыгам.
11Менин бутум Анын жолунда бекем турат. Анын жолун сактадым, эч жакка бурулбадым.
12Анын оозунан чыккан осуяттардан бурулуп кетпедим. Анын оозунан чыккан сөздөрдү өз эрежемден артык сактадым.
13Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал Өз жүрөгүнүн каалаганын жасайт.
14Ошон үчүн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат. Анын ушуга окшогон ойлору көп.
15Ошондуктан мен Анын алдында калтырайм, ойлоном жана Андан корком.
16Кудай жүрөгүмдү алсыратты, кудуреттүү Кудай мени коркутту.
17Мен эмне үчүн бул караңгылыктан мурун жок болбодум? Эмне үчүн Ал да менин жүзүмдөн караңгыны алып таштабады?