Аюб 24:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Эмне үчүн мезгилдер кудуреттүү Кудайдан жашырылган эмес? Эмне үчүн аны билгендер Анын күндөрүн көрүшпөйт?

2Мыйзамсыздар жер чектерин жылдырып, жайылган малдарды айдап кетип, өз жайыттарында жайып жүрүшөт.

3Жетимдин эшегин тартып алып, жесирдин өгүзүн күрөөгө алышат.

4Жакырларды жолдон түртүп кетишет, алардан жердеги кордук көргөндөрдүн баары жашырынууга мажбур.

5Мына, алар чөлдөгү жапайы эшектердей, жем табыш үчүн эртең менен эрте туруп, өз иштерине чыгышат! Талаа аларга да, алардын балдарына да азык берет.

6Алар өздөрүнүн эмес, башкалардын талааларынан эгин орушат, мыйзамсыздын жүзүмүн жыйнашат.

7Жылаңачтар суукта жамынчысыз, кийимсиз түнөшөт.

8Тоолордогу жамгырдан суу болушат, баш паана таппай, аскалардын жаракаларына корголошот.

9Жетимди эмчектен ажыратышат, жакырдан күрөө алышат.

10Кийимсиз, жылаңач жүрүүгө мажбур кылышат, ачкаларга машак беришет.

11Дубалдардын ортосунда зайтун майын сыгышат, жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелешет, бирок суусап жүрүшөт.

12Шаарда адамдар онтоп жатышат, өлтүрүлгөн адамдардын жаны жардам сурап бакырып жатат, бирок Кудай мындай мыйзамсыздыкка тыюу салбайт.

13Алардын арасында жарыктын душмандары бар, алар Кудайдын жолун билишпейт, Анын жолу менен жүрүшпөйт.

14Адам өлтүрүүчү таң ата электе туруп, жарды менен кайырчыны өлтүрөт, ал эми түн киргенде уурулук кылат.

15Бузулган адам күүгүмдү күтүп: “Мени эч ким көрбөйт”, – деп, бетин жаап алат.

16Күндүз белгилеп койгон үйгө түн ичинде астынан казып киришет. Алар жарыкты билишпейт.

17Алар үчүн таң – өлүм көлөкөсү, себеби алар өлүм көлөкөсүнүн коркунучун билишет.

18Ал суу үстүндө жеңил, анын жердеги үлүшү каргышка калган, ал жүзүмзарга кеткен жолго карабайт.

19Кургакчылык менен ысык аптап кар сууларын жутуп турат. Өлгөндөр жаткан жай да күнөөкөрлөрдү ошондой жутуп турат.

20Аны эненин жатыны унутсун. Аны курт тамшанып жесин. Анын аты жер үстүнөн өчсүн. Мыйзамсыз адам жыгачтай сынсын.

21Ал төрөбөгөн баласыз аялды кордогон, жесир аялга жакшылык кылган эмес.

22Ал күчтүүлөрдү да өз күчү менен өзүнө тартат. Ал ордунан турганда, эч ким тирүү каларына көзү жетпей калат.

23Ал ага коопсуз болушу үчүн бардыгын берет, ал ошого таянат. Анын көздөрү алардын баскан жолун көрүп турат.

24Алар жогору көтөрүлүшөт, анан жок болушат. Алар бардык адамдардай эле кулашат, анан өлүшөт, машактай болуп орулушат.

25Эгерде мындай эмес болсо, жалган айтты деп, мени ким ашкерелейт жана ким менин сөзүмдү жокко чыгарат?»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>