1Шухтук Билдат мындай жооп айтты:
2«Зор бийлик да, коркунуч да Анын колунда! Ал Өзүнүн бийиктиктеринде тынчтык жаратат!
3Анын асман кошуундарына сан жетеби? Анын жарыгы кимге тийбейт?
4Анан кантип адам Кудайдын алдында адилет боло алсын? Анан кантип аялдан туулгандар таза болсун?
5Анын көз алдында, атүгүл, ай да жарык эмес, жылдыздар да таза эмес.
6Адам эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, курт, адам баласы эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, күбө!»