1Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2«Күчсүзгө сен кандай жардам бердиң, алсызга сен кандай күч бердиң!
3Акылсызга сен кандай кеңеш бердиң, ишти толугу менен кандай түшүндүрдүң!
4Сен бул сөздөрдү кимге айттың? Сенден кимдин руху чыгып жатат?
5Репалыктар суулардын астында калтырашат, сууда жашагандар да калтырашат.
6Анын алдында өлгөндөр жаткан жай да ачык, Абадондун жабуусу жок.
7Ал түндүк уюлду боштук үстүнө жайган, жерди жок нерсенин үстүнө илип койгон.
8Ал сууларды Өзүнүн булуттарынын ичинде кармап турат, булуттар да суулардын салмагынан жарылбай турат.
9Ал Өзүнүн тагын орнотуп, анын үстүнө Өзүнүн булуттарын жайып койгон.
10Жарык менен караңгынын чегине чейин суу үстүнөн чек өткөрүп койгон.
11Анын каарынан асман түркүктөрү титиреп, үрөйү учуп турат.
12Ал Өз күчү менен деңизди толкутат, Өзүнүн акылы менен Рахапты талкалады.
13Асмандын сонундугу – Анын рухунан. Анын колу тез чуркаган жыланды жараткан.
14Анын жолдорунун бир бөлүгү – мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?»