Аюб 27:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

2«Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирүү, жанымды кейиткен кудуреттүү Кудай тирүү.

3Жаным өзүмдө турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда,

4менин оозум жалганды сүйлөбөйт, тилим калп айтпайт!

5Мен силерди адилеттүү деп эсептөөдөн алысмын. Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм.

6Мен өз чындыгымды бек кармадым, эми аны коё бербейм. Өмүрүм өткөнчө жүрөгүм мени жемелебейт.

7Душманым кара ниет адамдай болот, мага каршы чыккан адам мыйзамсыз адамдай болот.

8Анткени Кудай эки жүздүү кишинин жанын сууруп алганда, ал эмнеден үмүттөнмөк эле?

9Башына мүшкүл түшкөндө, Кудай анын зар-муңун укмак беле?

10Ал кудуреттүү Кудайдан сооронуч алмак беле? Ар убакта Кудайды чакырмак беле?

11Кудайдын колунда эмне бар экенин силерге жарыялайм, бардыгын кармап туруучу Кудайдын колунда эмне бар экенин силерден жашырбайм.

12Мына, силер өзүңөр да бардыгын көрдүңөр! Сөз деп эле сүйлөй берүүнүн силерге эмне кереги бар?

13Мыйзамсыз адамдын Кудайдан тийген энчиси бул, зулумдардын кудуреттүү Кудайдан алган мурасы мындай:

14эгерде алардын уулдары көбөйсө, анда кылычтан өлүшөт. Урпактары нанга тойбойт.

15Артында калгандарды өлүм көргө түшүрөт, жесирлери ыйлабайт.

16Ал күмүштү топурактай жыйып алат, кийимди ылайдай көп даярдап алат.

17Даярдаганы менен, анын кийимин адил адам киет, күмүшү айыпсыз адамдын энчисине тиет.

18Ал өз үйүн күбө курттай курат, өз чатырын күзөтчүдөй жасап алат.

19Ал бай адам болуп уктайт, бирок турганда бай адам болуп турбайт. Көзүн ачса, ал мурункудай эмес.

20Коркунучтар аны суудай каптайт, түн ичинде аны бороон учуруп кетет.

21Аны чыгыш шамалы көтөрүп учуруп кетет, ал аны турган жеринен учуруп кетет.

22Ага жулкунуп кирет, анын колунан ал канчалык качууга аракет кылса да, ал аны аябайт.

23Аны табалап кол чабышат, анын турган ордунан ага таң калып ышкырышат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>