1«Чындыгында, күмүштүн кени бар, алтындын эритүүчү жайы бар.
2Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.
3Адам караңгылыкка чек коёт, караңгылыкта, өлүм көлөкөсүндө кылдаттык менен таш издейт.
4Эч кимдин буту баспаган жерден кен казат, түпкүргө түшөт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.
5Дан өскөн жердин түпкүрүндө от балбылдап жаткансыйт.
6Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.
7Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун көзү көргөн эмес.
8Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.
9Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду түп-тамыры менен омкорот.
10Аскаларды тешип жол чыгарат, анын көздөрү бардык асыл байлыктарды көрөт.
11Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.
12Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?
13Адам анын баасын билбейт, ал тирүүлөр жашаган жерден табылбайт.
14Түпкүр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, деңиз да: “Менде эмес”, – дейт.
15Аны алтынга ала албайсың, күмүшкө сатып ала албайсың.
16Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, көк жакут менен да бааланбайт.
17Ага алтын да, тунук кристалл да тең келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсың.
18Ал эми маржан менен берметтерди айтып өтүүнүн кажети да жок, акылмандыкка жетүү кыпкызыл лаалга жетүүдөн алда канча артык.
19Ага Эфиопиянын сары жакут таштары да тең келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.
20Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?
21Ал бардык тирүү жандардын көзүнөн жашыруун, асман куштарына да көрүнбөйт.
22Абадон менен өлүм: “Ал жөнүндөгү сөздү биз өз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.
23Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.
24Анткени Ал жердин түпкүрүнө чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын көрүп турат.
25Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды өлчөмү менен жайгаштырып жатканда,
26жамгырга мыйзам берип жатканда, күркүрөгөн чагылгандын жолун түзүп жатканда,
27аны көрдү жана көрсөттү, аны даярдады, сыноодон да өткөрдү.
28Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».