Аюб 29:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

2«Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жүргөн күндөрдөгүдөй болсом кана!

3Анын чырактаны менин үстүмдө күйүп турчу, караңгыда мен Анын жарыгы менен жүрчүмүн.

4Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!

5Кудуреттүү Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!

6Жолдорума сүт төгүлүп турчу, аскалар мен үчүн зайтун майын чыгарып турчу.

7Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,

8жигиттер мени көрүп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.

9Төрөлөр сөзүн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.

10Атактуулардын үнү басылып, тилдери таңдайына жабышып калар эле.

11Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени көргөн көз мени даңктап турар эле.

12Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.

13Мага өлүп бара жаткандын батасы тийчү, жесир аялдын жүрөгүнө кубаныч берчүмүн.

14Мен адилеттиктин кийимин кийип жүрчүмүн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жүрчүмүн.

15Мен сокурга көз, аксакка бут болчумун.

16Кайырчыларга ата болчумун. Өзүм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.

17Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.

18Мен мындай деп айтчумун: “Өз уямда өлөм, жашоо күндөрүм кумдай көп болот.

19Тамырым сууга жетет, бутактарыма шүүдүрүм түнөйт.

20Атак-даңкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.

21Мага кулак салып турушчу, күтүп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.

22Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөшчү эмес, менин сөздөрүм алардын кулактарына куюлчу.

23Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.

24Аларга жылмайып койсом, көргөн көздөрүнө ишенишчү эмес. Алар менин жүзүмдөгү жарыкты өчүрүшчү эмес.

25Мен аларга жол көрсөтүп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын көңүлүн жубаткан сооротуучудай болчумун.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>