Аюб 3:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Аюб сөз баштап, өзү туулган күндү каргады.

2Аюб сөзүн мындай деп баштады:

3«Мен туулган күн курусун, “Эркек бала түйүлдү”, – деген түн курусун!

4Ал күн караңгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал күндү издебесин, ал күнгө жарык тийбесин!

5Ал күндү караңгылык менен өлүм сөлөкөтү караңгылатсын, ал күндү кара булут каптасын, куйкалаган аптаптан корккондой, ал күндөн коркуп турушсун!

6Ал түндү караңгылык басып калсын, ал түн жыл эсебине кирбесин, айлардын санына кирбесин!

7Оо, ошол түн! Ошол түн тукумсуз калсын, ошол түнү шаттык үнү угулбасын!

8Ал түндү күндү каргаган лебийатанды ойготууга жөндөмдүүлөр каргашсын!

9Анын таң атардагы жылдыздары өчсүн, ал түн жарыкты күтсүн, бирок ал келбесин, ал түн таңдын нурун көрбөсүн!

10Анткени ал түн энемдин жатынын бууган жок, кайгыны көздөрүмдөн жашырган жок!

11Энемдин жатынынан чыгып баратканда эле, эмне үчүн өлүп калбадым экен, энемдин ичинен чыкканда, эмне үчүн өлүп калбадым экен?

12Эмне үчүн мен төрөлгөндө, мени энемдин тизелерине жаткырышты экен? Эмне үчүн эмчек эмдим экен?

13Азыр мен эс алып, уктап жатмакмын, жаныма тынч болмок,

14өздөрүнө күмбөз курган жер жүзүндөгү падышалар жана кеңешчилер менен,

15же алтынга бай, үйлөрүн күмүшкө толтурган төрөлөр менен жатмакмын.

16Же бойдон түшүп, жерге жашырылып калсам эмне, же жарык дүйнөнү көрбөй калган наристедей болуп өлүп калсам эмне!

17Ал жакта мыйзамсыздар үрөй учурбай калышат, ал жакта күчтөн тайып алсырагандар эс алышат.

18Ал жакта туткундар да тынчтыкка магдырашат, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыгын угушпайт.

19Ал жакта кичине да, чоң да бирдей, кул өз кожоюнунан кутулган.

20Жабыр тартканга жарык эмнеге берилди экен, жаны кыйналганга жашоо эмнеге берилди экен?

21Өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт, алар кенчке караганда өлүмдү жан-дили менен казып алышпайт беле?

22Алар көрдөн жай тапканына сүйүнүп, кубанычтары коюндарына батмак эмес.

23Жолу жабык адамга жарык эмнеге берилди? Кудай караңгылык менен курчаган адамга жарык эмнеге берилди?

24Yшкүрүгүм нан жегизбей жатат, онтоолорум суудай агып жатат.

25Анткени мен эмнеден үрөйүм учуп качып жүрсөм, ошол мени кууп жетти. Мен эмнеден корксом, ошол келди.

26Мага тынчтык да жок, эс алуу да жок, кубаныч да жок, башыма мүшкүл түштү».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>