1Азыр болсо мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.
2Алардын күчтүү колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы өтүп кеткен.
3Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар түнөргөн, ээн калган, суусуз талаада каңгып жүрүшөт.
4Тикенектин түбүнөн майда чөп терип жешет, тикенектүү бадалдын мөмөсү – алардын тамагы.
5Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.
6Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коңулдарында жашоого туура келет.
7Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын түбүнө корголошот.
8Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жүзүнүн таштандылары!
9Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан түшпөгөн сөзү болдум.
10Алар мени жек көрүшөт, менден качышат, менин бетиме түкүрүүдөн тартынышпайт.
11Теңир менин жаамдын жибин үзүп, мени талкалады, ошон үчүн алар менин көз алдымда өздөрүнүн ооздорундагы ооздукту алып салышты.
12Бул жер жайнаган эл менин оң капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, өздөрүнүн кыйратуучу жолдорун мени көздөй буруп жатышат.
13Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин өлүмүм үчүн бардыгын камдоого үлгүрүштү.
14Алар мага чоң тешиктен түшкөнсүп түшүп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.
15Өтө жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.
16Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу күндөр курчады.
17Түнкүсүн сай-сөөгүм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.
18Yстүмдөгү кийимим өтө кыйынчылык менен чечилет, көйнөгүмдүн жакасы кысып турат.
19Ал мени ылайга таштады, мен күл менен топуракка окшоп калдым.
20“Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың.
21Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың.
22Сен мени көтөрүп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасың, бороон менен көтөрүп чаап жатасың.
23Ошондуктан мен билем, Сен мени өлүмгө дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасың”.
24Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык түшкөн адам кыйкырбай коймок беле?
25Мен башына мүшкүл түшкөндөрдү көргөндө, ыйлаган жок белем? Жардыларды көргөндө, жаным кыйналган жок беле?
26Мен жакшылыкты эңсеп турганда, жамандык келди, жарыкты күтүп турганда, караңгылык келди.
27Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу күнгө туш келдим.
28Мен капкара болуп басып жүрөм, бирок бул күндөн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.
29Мен чөөлөрдүн бир тууганы болуп калдым, төө куштардын досу болуп калдым.
30Менин терим карарып кетти, сөөктөрүм ысыктан куйкаланды.
31Лирамдын үнү кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын үнү ыйга окшоп калды.