Аюб 31:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм.

2Мага жогорудан, Кудайдан кандай үлүш тиймек эле? Асмандан, кудуреттүү Кудайдан кандай мурас берилмек эле?

3Өлүм мыйзамсыздар үчүн эмеспи, кырсык кыянаттык кылгандардын башына түшпөйбү?

4Кудай менин жолдорумду көргөн жок беле? Менин баскан кадамымды эсептеген жок беле?

5Эгерде мен жалган жолдо жүргөн болсом, эгерде менин буттарым амалкөйлүккө шашкан болсо,

6анда мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет.

7Эгерде менин бутум жолдон бурулган болсо, жүрөгүм көзүмдү ээрчип жүргөн болсо, эгерде таза эмес бир нерсе колума жабышып калган болсо,

8анда мен сепкенди башка бирөө жесин жана мен өндүргөн нерсе тамырынан жулунсун.

9Эгерде менин жүрөгүм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом,

10анда менин аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын, аны башка бирөөлөр маскара кылышсын.

11Анткени бул – ойноштук, бул – сотко тартыла турган күнөө.

12Бул – менин бүт мал-мүлкүмдү түп-тамыры менен жок кылып сала турган жалмап салуучу от.

13Кулум менен күңүм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом,

14анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем?

15Мени да, аны да эненин курсагында жараткан Өзү эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган Өзү эмеспи?

16Жакырлардын сураганын бербей койдум беле? Жесирдин көзүн жалдыраттым беле?

17Бир үзүм нанды жалгыз жедим беле? Андан жетим да жеген жок беле?

18Анткени ал бала күнүнөн бери меникинде атасыныкында жашагандай жашады, энемдин курсагынан чыккандан бери мен жесирге көз салып келдим.

19Мен кийими жок өлүп бара жатканды, жамынчысы жок жардыны көргөндө,

20ал мага чын жүрөктөн батасын бербей койду беле? Ал менин койлорумдун жүнүнө жылынган жок беле?

21Дарбаза алдында мага жардам беришсе да, жетимге кол көтөрсөм,

22анда менин ийиним далымдан бөлүнүп түшүп калсын, колум чыканагымдан сынып түшсүн.

23Анткени Кудайдын жазасы мен үчүн өтө коркунучтуу. Анын улуулугунун алдында мен туруштук бере алмак эмесмин.

24Мен алтынга таяндым беле? Байлыкка: “Менин үмүтүм сенсиң!” – деп айттым беле?

25Байлыгымдын ашып-ташыганына, колумдун көп тапканына кубандым беле?

26Күндүн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сөөлөттүү калкып баратканын карап туруп,

27жүрөгүм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду өптү беле?

28Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттүү Кудайдан баш тарткан болор элем.

29Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына түн түшкөндө, салтанат курдум беле?

30Оозумдун аны каргап күнөөгө батуусуна жол берген эмесмин.

31Менин чатырымдагы кишилер: “Оо, анын этинен жегендерден эч ким тойбой калган эмес!” – дешкен жок беле?

32Бөтөн жерден келген киши көчөдө түнөгөн эмес. Жолоочуга эшигимди ачып берчүмүн.

33Эгерде мен адам катары күнөөлөрүмдү жашырып койгон болсом, мыйзамсыз иштеримди көкүрөгүмө катып койгон болсом,

34анда мен чоң жамааттан коркор элем, урук-туугандарымдын жек көрүүсү үрөйүмдү учурар эле, мен ооз ачпас элем, босогодон сыртка чыкпас элем.

35Оо, мени кимдир бирөө укса кана! Менин каалоом мындай: кудуреттүү Кудай мага жооп берсе экен, менин коргоочум буларды китепке жазып койсо экен.

36Мен аны ийиниме көтөрүп жүрөр элем, башыма гүл таажыдай кийип алар элем.

37Баскан кадамымдын санын ага кабарлар элем, ага төрөгө жакындагандай жакындар элем.

38Эгерде жерим менин үстүмөн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин үстүмөн даттанган болсо,

39эгерде мен анын түшүмүн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом,

40анда буудай ордуна төө тикенек, арпа ордуна карамык өссүн». Ошентип, Аюбдун сөзү бүттү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>