1Аюб өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, тигил үч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту.
2Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу Элийунун каары кайнады. Өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени үчүн, ал Аюбга аябай ачууланды.
3Эмне деп жооп берүүнү билбей туруп, Аюбду айыптай берген үч досуна да ачууланды.
4Алар өзүнөн улуу болгондуктан, Элийу Аюбга каршы сүйлөй элек эле.
5Элийу тигил үч кишинин оозунда жооп жок экенин көргөндө, абдан ачууланды.
6Буздук Барахел уулу Элийу мындай деп жооп берди: «Мен силерден жашмын, силер карысыңар, ошондуктан ыйбаа кылып, оюмду айткандан корктум.
7Мен өзүмчө: “Карылык сүйлөсүн, көп жашагандар акылмандыкка үйрөтсүн”, – дедим.
8Бирок адамга акылды адамдын ичиндеги рух менен кудуреттүү Кудайдын деми берет.
9Көп жашагандар эле акылман боло бербейт, чындыкты карылар эле түшүнө бербейт.
10Ошондуктан мен мындай дейм: “Мени уккула, мен да өз пикиримди айтайын”.
11Мен силер сүйлөп бүткөнчө күтүп турдум, силердин пикириңерди көңүл коюп угуп турдум, силер айтар сөзүңөрдү ойлоп тапкыча күтүп турдум.
12Мен силерди кадала карап турдум, бирок Аюбду эч кимиңер ашкерелеген жоксуңар, анын сөздөрүнө эч кимиңер жооп берген жоксуңар.
13Ошондуктан силер: “Биз акылмандыкка жеттик, аны адам эмес, Кудай ашкерелейт”, – деп айтпагыла.
14Эгерде Аюб мага карата сүйлөсө, анда мен силерге окшоп жооп бермек эмесмин.
15Коркуп кетишти, жооп бере албай калышты, сүйлөбөй калышты.
16Мен күтө бердим, алар болсо сүйлөбөй коюшту, токтоп калышты, жооп бере албай калышты.
17Ошондуктан өзүм тараптан мен да жооп берейин, мен да өз оюмду айтайын.
18Анткени айтар сөзүм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат.
19Ичим оозу ачыла элек шараптай, жарылганы турган жаңы чаначтай болуп турат.
20Сүйлөсөм, жеңилдеп калам, оозумду ачып жооп берейин.
21Эч кимге бет карамалык кылбайм, эч бир адамга жагынып, кошомат кылбайм.
22Анткени мен кошоматчылык кылганды билбейм, эгерде ошондой болсо, Жаратканым, мени азыр өлтүр!