1Ошондуктан, Аюб, менин сөздөрүмө кулак сал, менин бардык сөздөрүмдү ук.
2Мына, мен оозумду ачып жатам, менин тилим көмөкөйүмдө сүйлөп жатат.
3Менин сөздөрүм таза жүрөктөн чыгат, оозум таза билимди сүйлөйт.
4Мени Кудайдын Руху жараткан, мага кудуреттүү Кудайдын деми жан берген.
5Эгерде жооп бере алсаң, жооп бер, даярдан, менин алдымда сүйлө.
6Кудайдын алдында мен да сендеймин, мен да сага окшоп топурактан жаратылгам.
7Ошондуктан менден коркуп тынчың кетпесин, менин колум сен үчүн оор болбосун.
8Сен менин кулагыма сүйлөдүң, мен сенин сүйлөгөн үнүңдү уктум.
9Сен: “Мен тазамын, кемчилигим жок, күнөөлүү эмесмин, менде жалганчылык жок.
10Бирок Кудай менден айып тапты, мени Өзүнүн душманы деп эсептейт.
11Менин буттарымды көзөнөк жыгачка салып, менин бардык жолдорумду карап турат”, – дедиң.
12Сенин ушинтип айтканың туура эмес, мен сага муну далилдеп берем, анткени Кудай адамдан жогору.
13Эмне үчүн сен Аны менен айтышып жатасың? Ал Өзүнүн иштеринин биринин да эсеп-кысабын бербейт.
14Кудай бир жолу айтат, эгерде аны байкабай калышса, экинчи жолу:
15түшүндө, түнкү көрүнүштө, адамдардын баары уктап жатканда, төшөгүндө үргүлөп жатканда айтат.
16Ошол учурда Ал адамдын кулагын ачып, Өзүнүн насаатын куят.
17Адамды кандайдыр бир жаман иштен буруп кетиш үчүн жана анын текеберлигин жок кылыш үчүн,
18анын жанын туңгуюктан сакташ үчүн жана анын өмүрүн кылычтан өлүүдөн сакташ үчүн ошентет.
19Же болбосо ал оору аркылуу, сай-сөөгүн сыздаткан оору аркылуу төшөктө жатып эсине келет.
20Анын нанга көңүлү чаппай калат, жаны жактырган тамакты жээрип калат.
21Эти качат, көрүнбөгөн сөөктөрү көрүнүп, оркоюп чыгат.
22Анын жаны көргө, өмүрү өлүмгө жакындайт.
23Эгерде анын адамга түз жол көрсөтүүчү, миңдеген периштелердин бири болгон насаатчы периштеси бар болсо,
24Кудай ага боор ооруп: “Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым”, – дейт.
25Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет.
26Кудайга сыйына турган болсо, Ал ага ырайым кылат. Ал анын жүзүнө кубаныч менен карайт. Адамга адилдигин кайра берет.
27Ошондо ал адамдарга карап, мындай деп айтат: “Мен күнөөгө батып, чындыкты бурмалагам, бирок жазаланган эмесмин.
28Ал менин жанымды көрдөн куткарды, ошондуктан менин өмүрүм жарыкты көрүп жатат”.
29Кудай адамга ушунун баарын эки-үч жолу кылат.
30Анын жанын көрдөн алып калыш үчүн жана тирүүлөрдүн жарыгы менен жарык кылыш үчүн, ушундай кылат.
31Көңүл бур, Аюб. Ук мени, үндөбө, мен сүйлөйүн!
32Эгер айтар жообуң болсо айт, сүйлө, анткени мен сенин актанышыңды каалар элем.
33Эгер жок десең, анда мени ук, унчукпа, мен сени акылмандыкка үйрөтөм».