Аюб 34:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Элийу сөзүн мындай деп улантты:

2«Уккула, акылмандар, менин сөзүмдү! Акыл-эстүүлөр, мага кулак салгыла!

3Анткени таңдай тамактын даамын кандай айырмаласа, кулак сөздү ошондой айырмалайт.

4Ой-пикирибизди ортого салып, эмне жакшы экенин билели.

5Анткени Аюб мындай деди: “Меники туура, бирок Кудай мени укуктан ажыратты.

6Менин адилдигимди төгүнгө чыгарды. Жазыксыз алган жараатым айыккыс”.

7Шылдыңды суудай ичип жаткан Аюбдай адам барбы?

8Ал мыйзамсыз иштерди жасагандардын уюмуна кирип, мыйзамсыз адамдар менен жүрөт.

9Анткени ал мындай деп айтты: “Кудайга жакшы иштер менен жагынуудан адамга пайда жок”.

10Ошондуктан мени уккула, акылдуу адамдар! Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт.

11Анткени Ал өзүнүн иштерине жараша кылат, ар бир адамга жолдоруна жараша берет.

12Чындыгында, Кудай жалган нерсе жасабайт, кудуреттүү Кудай сотту бурмалабайт.

13Жер жүзүн Ага ким тапшырды? Бүткүл ааламды Ага ким башкартып койду?

14Эгерде Ал Өз жүрөгүн Өзүнө каратып, руху менен демин Өзүнө ала турган болсо,

15анда бардык тирүү жандар ошол замат өлүп калышмак, адам топуракка айланмак.

16Ошентип, эгерде сенде акыл болсо, анда буга кулак сал, менин сөздөрүмдү көңүл коюп ук.

17Чындыкты жек көргөн адам бийлик кыла алабы? Бардыгынан Адилеттүүнү сен айыптай аласыңбы?

18Падышага: “Сен адилетсизсиң”, – деп, төрөлөргө: “Силер мыйзамсызсыңар”, – деп айтууга болобу?

19Бирок Ал төрөлөрдүн жүзүнө карабайт, байды кедейден артык көрбөйт, анткени баары Анын колунан чыккан.

20Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт, эл түн ичинде дүрбөлөңгө түшөт, ошентип, алар жок болушат. Күчтүүлөрдү кууп чыгышат, бирок кол менен эмес.

21Анткени Анын көздөрү адамдын жолдорунда, Ал адамдын бардык кадамдарын көрүп турат.

22Мыйзамсыз иштерди кылгандар жашына турган караңгы жер жок, өлүм көлөкөсү да жок.

23Ошондуктан Кудайга адамдын ишин иликтеп отуруунун зарылдыгы жок.

24Ал күчтүүлөрдү изилдебей эле жок кылат да, алардын ордуна башкаларды коёт.

25Анткени алардын иштерин Ал ачыкка чыгарат да, аларды түн ичинде кыйратат, ошентип, алар тукум курут болушат.

26Кудай аларды мыйзамсыз кишилер катары башкалардын көз алдында кыйратат.

27Анткени алар Андан баш тартышты, Анын бардык жолдорун түшүнгүлөрү келген жок.

28Ошондуктан жакырлардын зар-муңу Кудайга жетти, Ал эзилгендердин онтогонун укту.

29Эгерде Ал тынчтык тартууласа, ким буза алат? Эгерде Ал Өз жүзүн жашырса, ким Аны көрө алат? Элди да, адамды да Ал көзөмөлдөп турат.

30Элди азгырган эки жүздүү адам падышачылык кылбасын деп, көз салып турат.

31Кудайга мындай деп айтуу керек: “Мен өз жазамды алдым, эми күнөө кылбайм.

32Ал эми мен билбегенди Сен үйрөт. Эгерде мен мыйзамсыз иш кылсам, мындан ары антпейм”.

33Ал сага сенин каалооң боюнча бериши керекпи? Кабыл албай жаткандан кийин, мен эмес, өзүң тандап алышың керек. Эмне билсең, ошону айт.

34Акылдуу адамдар жана сөзүмдү уккан даанышман мага мындай деп айтышат:

35“Аюб акылсыз сүйлөп жатат, анын сөздөрүнүн мааниси жок”.

36Аюбдун мыйзамсыз адамдарга окшоп жооп берген жообуна жараша толугу менен сыноодон өтүшүн каалар элем.

37Болбосо ал өз күнөөсүнө Кудайдан чегингендигин кошуп алат, арабызда алакан чаап, Кудайга мындан да көп акарат келтирет».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>