Аюб 35:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Элийу сөзүн мындай деп улантты:

2«Сен: “Мен Кудайдан да адилмин”, – деген сөзүңдү туура деп эсептейсиңби?

3Сен: “Мага эмне пайда? Мен күнөө кылбаган күндө да, андан кандай киреше алмакмын?” – дедиң.

4Мен сага жана сенин досторуңа жооп берейин:

5Асманга көз чаптырып кара. Булуттарды кара, алар сенден бийик турат.

6Эгер сен күнөө кылсаң, Ага эмне кыла аласың? Эгер сенин кылмышың көбөйүп кетсе, Ага кандай зыян келтире аласың?

7Эгерде сен адилет болсоң, анда Ага эмне бересиң? Же Ал сенин колуңдан эмне алмак?

8Сенин адилетсиздигиң сага окшогон адамга тиешелүү, сенин адилеттигиң адам баласына тиешелүү.

9Эзүүчүлөр көп болсо, эзилгендер онтошот, күчтүүлөрдүн колунан ыйлашат.

10Бирок бир да киши: “Менин Кудайым, Жаратуучум кайда, түнкүсүн ыр берген Теңир кайда?

11Жер үстүндөгү айбандарга караганда бизге көбүрөөк үйрөткөн, асмандагы куштарга караганда бизге көбүрөөк акыл-эс берген Теңир кайда?” – деп айтпайт.

12Ал жерде алар боздоп жатышат, бирок Ал жаман кишилердин текебердүүлүгүнөн аларга жооп бербей жатат.

13Бирок Кудай укпайт, кудуреттүү Кудай муну көрбөйт деген туура эмес.

14Аны көрбөй жатамын десең да, Анын алдында сот болот, ошон үчүн аны күт.

15Бирок азыр ага Кудайдын каары тие элек, ошондуктан ал аны толук биле элек.

16Ошондуктан Аюб жеңил ойлуулук менен сүйлөп жатат, сөзүн текке кетирип жатат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>