1Элийу сөзүн мындай деп улантты:
2«Бир аз чыдай тур, Кудайдын атынан дагы айта турган сөзүм бар экенин мен сага көрсөтөйүн.
3Мен пикиримди алыстан баштайм, Жаратканымдын адилеттүүлүгүн далилдеп берем.
4Анткени, чынында эле, менин сөздөрүм жалган эмес. Сенин алдыңда билими жеткилең бирөө турат.
5Мына, Кудай кудуреттүү, Ал жүрөгү таза адамды четке какпайт!
6Ал мыйзамсыздарды колдобойт, эзилгендерге тиешелүүсүн берет.
7Ал адилдерден көзүн албайт, аларды падышалардын тагына отургузат, аларды жогорулатат.
8Эгерде алар чынжыр менен кишенделип, кырсыктын кишендеринде кармалып турушса,
9анда Ал алардын иштерин өздөрүнө көрсөтөт, алардын мыйзамсыздыгы көбөйүп кеткенин өздөрүнө көрсөтөт.
10Эскертиш үчүн, алардын кулактарын ачат, аларга: “Мыйзамсыз иштерден баш тарткыла”, – дейт.
11Эгерде тил алып, Ага кызмат кылышса, анда өз күндөрүн жыргалчылыкта, өз жылдарын шаттыкта өткөрүшөт.
12Эгерде тил алышпаса, анда жаа жебесинен өлүшөт, акылдан ажырап өлүшөт.
13Бирок эки жүздүүлөр жүрөгүнө каар топтойт, Кудай аларды кишендеп салганда, Ага кайрылышпайт.
14Ошондуктан алардын жаны жаш чагында өлөт, өмүрлөрү бузулгандар менен өтөт.
15Ал жакырды башына түшкөн кырсыктан куткарат, эзилип жатканда, анын кулагын ачат.
16Ал сени да тар жерден кысымчылык жок, кең жерге алып чыгат эле, дасторконуң майга толот эле.
17Бирок сен мыйзамсыздардын түшүнүктөрүнө жык толгонсуң: түшүнүк менен айыптоо сага жакын.
18Кудайдын каары сени жазалап, өлтүрүп койбосун! Сени чоң кун куткарбайт.
19Ал сенин байлыгыңды бааламак беле? Жок! Алтыныңды да, байлыгыңды да баалабайт.
20Элдер өздөрүнүн турган жеринде кырылып жаткан ошол түндү тилебе.
21Сактан, мыйзамсыздыкка барба, анткени сен азап тартканды мыйзамсыздык кылгандан артык көрдүң.
22Кудай Өзүнүн кудурети менен бийик, Андай насаатчы барбы?
23Ким Ага Анын жолун көрсөтөт? “Сен адилетсиз иш кылып жатасың”, – деп, Ага ким айта алат?
24Адамдар көрүп турган Анын иштерин даңазалоону унутпа.
25Анын иштерин ар бир адам көрө алат, адам аларды алыстан байкай алат.
26Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис.
27Ал суу тамчыларын чогултат, алар көп болгондо, жамгыр болуп төгүлөт.
28Жамгыр булуттардан тамчылайт, адамдарга мол төгүлөт.
29Ошондой эле булуттардын жайылышын, Анын чатырынын күркүрөгөнүн ким түшүнө алат?
30Азыр алардын үстүнө Ал Өз жарыгын чачыратып, деңиз түбүн жаап жатат.
31Ал жактан Ал элдерди башкарып, тамак-ашты мол берип жатат.
32Ал чагылганды Өз колдоруна жашырып, ага кимди урууну буйруйт.
33Анын күркүрөөсү Өзү жөнүндө билдирет, жаныбарлар да эмне болуп жатканын сезишет.