Аюб 37:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Бул жөнүндө ойлогондо, жүрөгүм титиреп, ордунан козголуп кетти.

2Уккула, Анын үнүн уккула, Анын оозунан чыккан күркүрөөнү уккула!

3Анын жаңырыгы бүт асманга жаңырат, анын жарыгы бүт жер үстүнө жаркырайт.

4Анын артынан үн күркүрөйт. Кудай Өзүнүн улуулугунун үнү менен күркүрөйт. Анын үнүн эч ким токтотпойт.

5Кудай Өз үнү менен укмуштуудай күркүрөп жатат, биздин акылыбыз жетпеген улуу иштерди жасап жатат.

6Анткени Ал карга: “Жерге түш!” – деп айтат. Жамгыр да, нөшөр да Анын бийлиги астында.

7Анын ишин бардык адамдар билиш үчүн, Ал ар бир адамдын колуна мөөр басат.

8Ошондо айбандар ийиндерине кирип, чээндеринен чыкпай калышат.

9Түштүктөн бороон, түндүктөн ызгаар келет.

10Кудайдын деминен муз жаралат, суунун үстү тартылат.

11Ошондой эле Ал булуттарды сууга толтурат, булуттар Анын жарыгын таратышат.

12Булуттар Анын каалоосу боюнча багыт алып, жер бетинде Анын буйруктарын аткарышат.

13Ал аларды, же жазалаш үчүн, же жакшылык үчүн, же ырайым кылыш үчүн жиберет.

14Буга көңүл бур, Аюб. Токтой тур, Кудайдын укмуш иштерин түшүн.

15Кудай аларды кандай жайгаштырганын, Өзүнүн булуттарынын арасынан чагылганды кандай чартылдатарын билесиңби?

16Булуттардын кантип илинип турганын, билимдин Кеменгери жасаган керемет иштерди билесиңби?

17Ал түштүктүн ысык шамалы менен жерди тынчытканда, кийген кийимиң кандай ысырын билесиңби?

18Сен Аны менен кошо жез күзгүдөй жаркыраган асманды жайдың беле?

19Бизге Ага эмне деп айтууну үйрөт. Биз бул караңгылыкта эч нерсе түшүнө албай жатабыз.

20Менин айтканым Ага жетет болду бекен? Айтылган сөздүн Ага жеткенин айткан бирөө бар бекен?

21Азыр булуттардан күндүн жарыгы көрүнбөй жатат, бирок шамал согуп, асманды тазалап кетет.

22Жаркыроо түндүктөн келет, Кудайдын тегереги укмуштуудай жарык.

23Кудай кудуреттүү! Ага биздин акылыбыз жетпейт. Ал күчү, өкүмү жана адилеттүүлүгү менен улуу. Ал эзбейт.

24Ошондуктан адамдар Анын алдында коркуп турушсун, бардык акылмандар Анын алдында титиреп турушсун!»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>