1Теңир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди:
2«Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?
3Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер!
4Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең.
5Анын көлөмүн ким чектеди? Айт, эгер билсең. Аны ким жип менен ченеп чыкты?
6Анын негизи эмненин үстүнө орнотулган? Же болбосо анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон?
7Таңкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элең?
8Деңиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту?
9Мен ага булутту кийим кылып, мунарыкты жалаяк кылып бергенде, сен кайда элең?
10Мен ага чек коюп, дарбаза, кулпу салып:
11“Ушуга чейин жетесиң, андан ары өтпөйсүң, текебердүү толкунуңдун чеги ушул жер болот”, – деп айтканда, сен кайда элең?
12Сен өз өмүрүңдө таңга буйрук бердиң беле? Таң нуруна өз ордун көрсөттүң беле?
13Сен ага төгөрөктүн төрт бурчун нурга бөлө дедиң беле? Жер жүзүнөн мыйзамсыздарды силкип сал дедиң беле?
14Чопо мөөрдүн астында өзгөрүлгөндөй, жер да өзгөрүлүп, түрдүү түстөгү кийимдей болуп калсын дедиң беле?
15Мыйзамсыздардын чырагы өчсүн дедиң беле? Алардын суук колдору сынсын дедиң беле?
16Сен деңиздин тереңине түштүң беле? Түпкүрдүн түбүн изилдегени түштүң беле?
17Сен үчүн өлүм дарбазасы ачылды беле? Өлүм көлөкөсүнүн дарбазасын көрдүң беле?
18Жердин кеңдигин карап чыктың беле? Эгерде ушулардын бардыгын билсең, түшүндүрүп бер.
19Жарык жашаган жерге барчу жол кайда? Караңгынын турган жери кайда?
20Анын чегине жеткениң чын, анын үйүнө алып баруучу жолду билериң чын.
21Сен муну билесиң, анткени сен ошол кезде эле төрөлгөнсүң, сен жашаган күндөрдүн саны өтө көп.
22Сен кар сактагыч кампага кирдиң беле? Мөндүрлөр сакталган казынаны көрдүң беле?
23Мен аларды алаамат күндөргө, салгылаш менен кан майдан күндөрүнө сактап турам.
24Жарык кайсы жол менен жайылат? Чыгыш шамалы жер үстүнөн кайсы жол менен өтөт?
25Суулардын нугун ким буруп турат, чартылдаган чагылгандын жолун ким салып турат?
26Эл жашабаган жерлерге, адам жашабаган эрме чөлдөргө ким жамгыр жаадырып жатат?
27Чөлдөр менен талаалардын суусунун ким кандырып жатат? Ким чөптөрдүн тамырын жибитип, өскөнгө түрткү берип жатат?
28Жамгырдын атасы барбы? Же шүүдүрүмдүн тамчыларын ким жаратып жатат?
29Муз кимдин курсагынан чыгат, асман бубагын ким жаратып жатат?
30Суулар таштай болуп катат, түпсүздүктүн үстү тоңот.
31Сен Ким топ жылдызынын түйүнүн байлай аласыңбы, Кесил топ жылдызынын түйүнүн чече аласыңбы?
32Топ жылдызды өз маалында чыгара аласыңбы? Ашты балдары менен алып жүрө аласыңбы?
33Асмандын мыйзамдарын билесиңби, жер жүзүнө анын бийлигин орното аласыңбы?
34Суу мол болуп, сени капташ үчүн, булуттарга үнүңдү көтөрө аласыңбы?
35Чагылгандарды жибере аласыңбы? Алар сага келип: “Биз мына”, – деп айтышмак беле?
36Жүрөккө акылмандыкты ким салды, же болбосо акылга маанини ким берди?
37Ким өз акылы менен булуттарды санап чыга алат? Ким асман идиштериндеги сууларды токтото алат?
38Топурак чылага айланып, чоң кесектер бири-бирине жабышып жатканда, аларды ким токтото алат?
39Ургаачы арстандын тамагын сен таап берип жатасыңбы? Арстандын балдарын сен тойгузуп жатасыңбы?
40Алар чээнде жатканда же көлөкөлүү буктурмада жем аңдып отурганда, тамагын сен камдап берип жатасыңбы?
41Балапандары тамак таппай каңгып, Кудайга кайрылып чыйпылдап жатканда, каргалардын жемин ким даярдап берип жатат?