1Сен аскалардагы жапайы эчкилердин тууй турган маалын билесиңби? Маралдардын тууп жатканын көрдүң беле?
2Алардын боозуган ай-күнүн эсептей аласыңбы? Алардын тууй турган маалын билесиңби?
3Алар балдарын тууп, өз жүктөрүн ыргытып жатышканда ийилишет.
4Алардын балдары күчкө кирип, талаада чоңоюп, бөлүнүп кетишет, аларга кайрылып келишпейт.
5Жапайы эшекти эркин коё берген ким? Жапайы качырды кишенден чыгарган ким?
6Аларга талааны үй кылып, шор жерди турак кылып берген Менмин.
7Ал көп эл жашаган шаарга күлөт, айдагандардын кыйкырыгын укпайт.
8Тоолордон жем издейт, ар кандай өсүмдүктөрдү издеп табат.
9Жапайы өгүз сага кызмат кылгысы келеби? Ал сенин малканаңа түнөйбү?
10Жапайы өгүздү аркан менен байлап алып, жер айдай аласыңбы? Аны менен талааны малалай аласыңбы?
11Күчтүү деп, ага ишене аласыңбы? Ага өзүңдүн ишиңди таштап коё аласыңбы?
12Ал сенин үрөнүңдү кайрып, кырманыңа жыйып берерине ишене аласыңбы?
13Тоос кушка кооз канатты, төө кушка канат менен мамык жүндү сен бердиң беле?
14Ал жумурткасын жерге таштайт, аларды кумга жылытат.
15Аларды бирөөнүн буту басып кетерин же жырткыч айбандар тебелеп кетерин унутуп калат.
16Ал өгөй балдарына мамиле кылгансып, өз балдарына катаал мамиле кылат, мээнетим текке кетет деп коркпойт.
17Анткени Кудай ага даанышмандык берген эмес, ага акыл да бөлүп берген эмес.
18Бирок ал бийиктикке көтөрүлгөндө, атка да, атчанга да күлөт.
19Атка кубат берип, мойнуна жал жапкан сенби?
20Аны чегирткени коркуткандай коркута аласыңбы? Таноосунан чыккан кошкурук – бир укмуш!
21Буттары менен жер казып, күчүнө сыймыктанат, куралга каршы барат.
22Ал коркунучка күлөт, андан коркпойт, кылычтан жалтанбайт.
23Yстүндө саадак кагылат, найза менен кыска найза жаркылдайт.
24Жаалы келип турганда, топурак жутат, сурнай тартылганда, ордунда тура албайт.
25Сурнай тартылганда, “куу-куу” деп кишенеп турат. Ал салгылашты, жол башчылардын катуу үндөрүн, кыйкырыкты алыстан сезет.
26Туйгун сенин акылмандыгың менен учуп жүрөбү? Канаттарын сенин акылмандыгың менен түштүккө жайып жатабы?
27Бүркүт сенин сөзүң менен асманга көтөрүлүп, аскага уясын салабы?
28Ал зоокада жашайт, зооканын кырында, эч ким бара албас жерде түнөйт.
29Ошол жактан өзүнүн жемин көрөт, анын көздөрү алыстан көрөт.
30Анын балапандары кан ичет, өлүк кайсы жерде жатса, ал ошол жерде».
31Теңир сөзүн улантып, Аюбга мындай деди:
32«Кудуреттүү Кудай менен талашып-тартышкан адам да үйрөтөбү? Кудайды ашкере кылган адам Ага жооп берсин».
33Ошондо Аюб Кудайга мындай деп жооп берди:
34«Мына, мен эч нерсеге арзыбаган адаммын! Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам.
35Мен бир жолу айткан болчумун, эми жооп бербейм, эки жолу айткан болсом да, мындан ары жооп бербейм».