1Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:
2«Эгерде биз бир сөз айтсак, сага катуу тийбес бекен? Бирок сөзгө ким тыюу сала алат?
3Сен көптөргө акыл-насаат айтчусуң, алсыз колдорго күч берчүсүң,
4сенин сөздөрүң жыгылганды тургузган, алсырап тизе бүккөнгө күч берген.
5Эми өзүңдүн башыңа мүшкүл түшкөндө, алсырап калдың. Сага тийди эле, көңүлүң чөктү.
6Кудайдан корккондугуң сенин үмүтүң, такыбаа жашаганың сенин тирегиң болуш керек эле да.
7Эстеп көрчү, айыпсыз адам өлдү беле? Адил адамдар тукум курут болду беле?
8Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат.
9Кудайдын деминен өлүшөт, Кудайдын каардуу рухунан жок болуп кетишет.
10Арстандын айкырыгы менен жаш арстандын үнү басылат, жаш арстандын азуусу сынат.
11Зор арстан жем таба албай өлөт, ургаачы арстандын күчүктөрү тентип кетишет.
12Мына, мага бир сөз жашыруун жетти, мен ал сөздөн шыбыш уктум.
13Түнкү көрүнүштөр жөнүндө ойлоп жатканда, адамдарды уйку басканда,
14мени коркунуч каптап, калтырак басып, сай-сөөгүм сыздады.
15Yстүмөн бир рух учуп өттү, төбө чачым тик турду.
16Ал турду, бирок мен анын өңүн тааный алган жокмун, көз алдымда бир кебете гана турду. Акырын соккон жел жүрдү, мен үн уктум:
17“Адам Кудайдан да адилеттүү бекен? Адам өз Жаратканынан да таза бекен?”
18Ал Өз кулдарына да ишене албайт, Өз периштелеринен да кемчиликтерди көрөт.
19Андан бетер топурактан жасалган ийбадатканада жашагандардан да кемчилик көрөт. Алардын негизи топуракта, алар күбөдөн да тез жок болушат.
20Алар таң атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун көрбөй да каласың.
21Өздөрү менен кошо алардын кадыр-баркы да жок болуп жаткан жокпу? Алар акылмандыкка жетпей өлүп жатышат.