1Теңир Аюбга бороон ичинен мындай деп жооп берди:
2«Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер.
3Өзүңдү акташ үчүн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагың келеби?
4Сенин күчүң Кудайдыкындайбы? Ал күркүрөгөндөй күркүрөй аласыңбы?
5Андай болсо өзүңдү улуулук менен, даңаза менен шөкөттөп көрчү, жаркыраган шаан-шөкөт менен, келишкен кооздук менен курчанып көрчү.
6Каарыңдын жаалын чачып көрчү, текебер болгон бардык нерсени карап, аны моюн сундуруп көрчү.
7Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип көрчү, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып көрчү.
8Алардын баарын жерге көмүп көрчү, алардын жүзүн караңгылык менен каптап көрчү.
9Мен ошондо сени өзүңдүн оң колуң куткара алат деп билем.
10Мына бегемот, Мен аны сени жараткандай эле жараткам. Ал өгүздөй болуп чөп жейт.
11Анын күчү белинде, анын кубаттуулугу белинин булчуңунда.
12Куйругун кедр жыгачындай бурат, белиндеги тарамыштары тутумдашып турат.
13Анын буттары жез кернейдей, сөөктөрү темир таяктардай.
14Бул – Кудайдын жолдорунун жеткен чеги. Аны Жараткан гана ага Өз кылычын жакындата алат.
15Анын тамагын тоолор камдайт, ал жерде бардык жапайы айбандар оюн салып жүрүшөт.
16Ал саябандуу дарактардын түбүндө, калың камыштардын арасында, саздарда жатат.
17Аны саябандуу дарактар көлөкөсү менен жаап, өзөн боюндагы талдар курчап турат.
18Мына, ал дарыядан суу ичип жатат, шашпайт, Иордан суусу оозуна кирип жатса да, козголуп койбойт.
19Аны өзүнүн көзүнчө ким кармай алат? Ким анын тумшугун темир илгек менен теше алат?
20Сен лебийатанды кайырмак менен тартып чыгара аласыңбы? Жип менен тилинен байлай аласыңбы?
21Анын таноосун тешип чүлүктөй аласыңбы? Жаагын ийне менен теше аласыңбы?
22Ал сага көпкө жалынып турмак беле? Сага жылуу сөздөрдү сүйлөмөк беле?
23Ал сени менен келишим түзмөк беле? Аны өзүңө биротоло кул кыла аласыңбы?
24Аны менен чымчык менен эрмектешкендей эрмектеше аласыңбы, аны кыздарың үчүн байлап бере аласыңбы?
25Аны балыкчылар сатышат болду бекен? Аны Канаан соодагерлеринин арасында бөлүшөт болду бекен?
26Анын терисин найза менен теше аласыңбы, башын балыкка ыргыткан дегээ менен сая аласыңбы?
27Ага кол салып көрчү! Күрөш жөнүндө унутпа, мындан кийин мындай кылбайсың.