Аюб 41:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Сенин үмүтүң бекер, анын бир эле көз карашынан кулап калбайт бекенсиң?

2Анын тынчын алганга батынгыдай баатыр жок, анан Менин алдымда ким туруштук берип тура алат?

3Мен карыз болгудай, Менден мурун бирөө бар беле? Асман астындагынын бүт бардыгы Меники.

4Анын дене мүчөлөрү тууралуу, анын күчү тууралуу, анын төп келишкен келбети тууралуу унчукпай коё албайм.

5Ким анын терисин сыйрый алат, ким анын кош жаагына жакындап бара алат?

6Ким анын оозун ача алат? Анын тегерете тизилген тиштери үрөйдү учурат.

7Анын сыймыгы – катуу кабырчыгы. Алар бири-бирине бекем жабыштырылган.

8Алар бири-бирине тийип турат, арасынан аба да өтпөйт.

9Бири-бирине тыгыз жатат, бири-бирине жармашып турат, ажырабайт.

10Анын чүчкүрүгүнөн жарык көрүнөт, анын көздөрү таңдын кирпиктериндей.

11Анын оозунан жалын чыгып, от учкундары чачырайт.

12Кайнап жаткан казандан түтүн чыккансып, анын таноолорунан түтүн чыгат.

13Анын деми көмүрдү күйгүзүп кетет, анын оозунан жалын чыгат.

14Анын мойнунда күч жатат, анын алдында коркунуч качат.

15Анын денесинин эт бөлүктөрү өз ара бекем бириккен, козголбойт.

16Анын жүрөгү таштай катуу, тегирмендин астынкы ташындай катуу.

17Ал ордунан турганда, балбандарды коркунуч басып, үрөйлөрү учкандыктан, өздөрүн таптакыр жоготуп коюшат.

18Ага тийген кылыч да, найза да, дегээ да, соот да туруштук бере албайт.

19Темирди ал саман катары, жезди чириген дарак катары эсептейт.

20Жаа кызы аны качыра албайт. Салмоор таштары ал үчүн топондой.

21Чокморду ал бир тал самандай көрөт, дегээнин ышкырып учканына анын күлкүсү келет.

22Анын астында курч таштар жатат, ал баткактагы учтуу таштардын үстүндө жатат.

23Ал иримди казандай боркулдатып, деңизди майдай кайнатат.

24Артына жарык чачкан жол калтырат, ошондо түпсүздүк агарып калгандай көрүнөт.

25Жер үстүндө ага эч нерсе тең келе албайт, ал коркпос болуп жаратылган.

26Бийик тургандардын баарына тайманбай карайт, ал – бардык текебер уулдардын падышасы».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>