Аюб 5:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Эгерде сага жооп бере турган бирөө болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласың?

2Ошентип, акылсызды каардуулугу өлтүрөт, эси жокту туталангычтыгы өлтүрөт.

3Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын көрдүм. Ошол замат анын үйүн каргадым.

4Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар эч ким болбойт.

5Анын түшүмүн ачка адам жейт, ал аны тикенектин арасында өскөн жеринен да жыйнап алат, анын мал-мүлкүн суусагандар жутуп алышат.

6Ошондуктан кайгы топурактан чыкпайт, мүшкүл жерден өсүп чыкпайт.

7Бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат.

8Бирок мен Кудайга кайрылар элем, ишимди Кудайга тапшырар элем,

9Ал изилдегис, сансыз көп, укмуштуу, улуу иштерди жаратып жатат.

10Ал жер үстүнө жамгыр берет, талаага сууларды жаят.

11Кемсинтилгендерди жогору көтөрөт, кайгы тарткандар куткарылат.

12Ал жүзү каралардын арам ойлорун бузуп салат, ошондуктан алар ийгиликке жете алышпайт.

13Ал акылмандарды өздөрүнүн эле амалы менен кармайт, митайымдардын ойлору ишке ашпайт.

14Күндүз алар караңгыга туш болушат, чак түштө түндөгүдөй сыйпалап басышат.

15Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана күчтүүнүн колунан куткарат.

16Ошондуктан жакырдын үмүтү бар, жалган өз оозун жабат.

17Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттүү Кудайдын жазасын четке какпа!

18Анткени Ал Өзү жарадар кылат да, Өзү жаратты таңат. Ал уруп жарадар кылат да, кайра эле Өз колу менен дарылайт.

19Ал сени алты кайгыдан куткарат, жетинчисинде сага жамандык жолобойт.

20Ал ачарчылыкта сени ажалдан алып калат, майданда кылычтан куткарат.

21Камчыдай тийген тилден жашынып каласың, кыйроо келгенде, коркпойсуң.

22Кыйроо жана ачарчылык келгенде, күлөсүң, жер үстүндөгү жырткычтардан үрөйүң учпайт,

23анткени сен талаадагы таштар менен тынчтыктасың, талаадагы жырткычтар менен ынтымактасың.

24Ошондо өз чатырың коопсуз экенин билип, өз үйүңө көз салып, күнөөгө батпай жашайсың.

25Өз уругуңдун сан жетпей көбөйгөнүн, өз тукумуңдун жер үстүндөгү чөптөй өскөнүн көрөсүң.

26Буудай боолору өз маалында жыйылгандай, сен да көргө карылыкка жетип киресиң.

27Биз ушулардын баарын изилдесек, ушундай экен. Муну сен да угуп, көкүрөгүңө түйүп ал».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>