Аюб 6:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2«Оо, менин муң-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!

3Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сөздөрүм токтолбостон куюлат.

4Анткени мага кудуреттүү Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.

5Жапайы эшек чөп үстүндө айкырмак беле? Өгүз өз тоютунун алдында мөөрөмөк беле?

6Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?

7Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтүү тамагым болду.

8О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эңсегенимди качан аткарат?

9О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! Өз колун сунуп, мени өлтүрүп салса кана!

10Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук көрсөтмөкмүн, анткени мен Ыйыктын сөзүнөн баш тарткан жокмун.

11Үмүттөнгүдөй, менде кайсы күч бар эле? Өмүрүмдүн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен күтпөйт белем?

12Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?

13Өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?

14Эгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттүү Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.

15Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.

16Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.

17Күн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта өз ордунан жок болуп кетишет.

18Алар аккан багытын буруп, чөлгө кирип жок болушат.

19Аларды Тейма жолдору күтүп турат, алардан Шеба жолдору үмүт кылат.

20Бирок үмүттөрү таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жүзү кызарат.

21Азыр силер да мен үчүн ошондой болдуңар, коркунучту көргөндө, жүрөгүңөр түшүп калды.

22Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыңардан мен үчүн төлөп койгула,

23мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун төлөп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?

24Үйрөткүлө, мен унчукпай калайын. Менин күнөөм эмнеде, көрсөткүлө.

25Чын сөз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелөөңөр эмнени далилдейт?

26Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар.

27Силер жетимге кол салып, өз досуңарга ор казып жатасыңар.

28Эми силерден суранарым, жүзүмө тике карасаңар, силердин алдыңарда мен калп айтмак белем?

29Кайра карап көргүлө, калпы бар бекен? Кайра карап көргүлө, меники туура.

30Менин сөзүмдө жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>