Аюб 7:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Адамдын жердеги жашоо мөөнөтү белгиленген эмеспи? Анын күндөрү жалчынын күндөрүндөй эле эмеспи?

2Кул көлөкөнү эңсегендей, жалчы жумушунун бүтүшүн күткөндөй,

3менин энчиме түйшүктүү айлар тийди, мага кайгылуу түндөр эсептелип берилди.

4Жатарымда: “Качан таң атат?” – дейм, бирок түн созула берет, мен таң аткыча кыйналып оодарыла берем.

5Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ириңдеп жатат.

6Менин күндөрүм чыгырыктан тез айланып, үмүтсүз өтүп жатат.

7Менин өмүрүм жел экенин, көздөрүм кайра жакшылык көрбөстүгүн эсиңден чыгарба.

8Мени көргөн көз эми мени көрбөйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.

9Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле өлгөндөрдүн жайына түшкөн адам кайра чыкпайт,

10ал өз үйүнө кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.

11Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынан улам сүйлөп жатам, жан-дүйнөм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.

12Сен мага сакчы койгудай, мен деңиз белем же деңизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?

13“Төшөгүм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,

14Сен мени түштөр менен коркутасың, көрүнүштөр менен үрөйүмдү учурасың.

15Ошондо менин жаным сөөктөрүм калганга караганда, дем алуумдун токтошун, өлүмдү артык көрөт.

16Жашоодон жададым. Түбөлүк жашамак белем. Мени өз жайыма кой, анткени менин күндөрүм курулай убаракерчилик.

17Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким?

18Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың.

19Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коё бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң?

20Эгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? Эмне үчүн Сен мени Өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым.

21Эмне үчүн менин күнөөмдү жууп, мыйзамсыз иштеримди кечирбейсиң? Анткени мен эми топуракка жатам. Эртең мени издейсиң, бирок мен жок болом».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>