Аюб 8:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:

2«Сен ушинтип көпкө сүйлөй бересиңби? Оозуңдан чыккан сөздөр – дуулдаган шамал!

3Кантип эле Кудай өкүмүн бузсун? Кантип эле кудуреттүү Кудай чындыкты өзгөртсүн?

4Эгерде Анын алдында сенин уулдарың күнөө кылса, анда Ал аларды өз мыйзамсыздыгынын колуна салып берди.

5Эгерде сен Кудайды издесең, кудуреттүү Кудайга сыйынсаң,

6эгерде сен таза болсоң, эгерде сеники туура болсо, анда Ал азыр эле келип, сенин адил жашооңду калыбына келтирет.

7Эгерде мурда сенин колуңда аз болсо, эми өтө көп болот.

8Мурдагы муундардан сура, алардын аталарынын баамдагандарын көңүлүңө түй.

9Биз болсо кечээкилер элебиз да, эч нерсе билбейбиз, анткени биздин жердеги өмүр – көлөкө.

10Мына ошолор сага үйрөтүшөт, айтышат, сөздөрүн чын жүрөктөн айтышат.

11Тал чыбык нымсыз көтөрүлөбү, камыш суусуз өсөбү?

12Ал көк бойдон, чабыла элек, бирок ар кандай чөптөн мурда куурап калат.

13Кудайды унуткандардын бардыгынын жолу ушундай. Эки жүздүүнүн үмүтү таш кабат.

14Анын үмүтү – желе, анын ишеними – жөргөмүштүн үйү.

15Өз үйүнө жөлөнөйүн десе, анысы туруштук бере албайт. Бек кармайын десе, анысы кулап калат.

16Ал күн алдында көгөрөт, анын бутактары бактын сыртына жайылат.

17Анын тамырлары үймөк таштын түбүнө чырмалат да, ташты жарып чыгат.

18Аны ордунан жулуп алса, өскөн жери андан баш тартып: “Мен сени көргөн эмесмин”, – дейт.

19Анын өмүр жолунун кубанычы ушул! Жерден болсо башкалары өсүп чыгат.

20Көрдүңбү, Кудай такыбааны четке какпайт, зулумдарды колдобойт.

21Ал дагы ууртуңду күлкүгө, оозуңду кубанычтуу сөздөргө толтурат.

22Сени жек көргөндөр уятка калышат, мыйзамсыздардын чатырлары жок болот».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>