Аюб 9:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2«Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?

3Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт.

4Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?

5Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды өзгөртүп салат.

6Ал жерди ордунан козгогондо, анын түркүктөрү солкулдайт.

7Күнгө буйрук берсе, күн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.

8Жалгыз Өзү асманды жайып, деңиз толкундарынын үстүндө жүрөт.

9Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана түштүктөгү жылдыздарды Ал жараткан.

10Ал укмуштуу, улуу, изилденгис, сансыз кереметтерди жаратат!

11Ал менин бет алдыман өткөндө, мен Аны көрө албайм. Жаныман өткөндө, мен Аны байкай албайм.

12Алып кетсе, ким Ага каршы сөз айта алат? “Сен эмне кылып жатасың?” – деп, Ага ким айта алат?

13Кудай Өз каарын төкпөй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.

14Андан бетер мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сөз таба аламбы?

15Меники туура болгон күндө да, жооп бербейм, Өкүмдардын алдында ырайым гана сурайм.

16Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем.

17Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,

18жанымды жай алдырбайт, азапка малат.

19Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?

20Эгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат.

21Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм!

22Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым.

23Эгерде Ал айыптууну күтпөгөн жерден өлтүрүп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына күлөт.

24Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жүздөрүн Ал чүмбөттөп койгон. Эгерде Ал болбосо, анда ким?

25Менин өмүрүм чабармандан да тез чуркап, жакшылык көрбөстөн качып бара жатат.

26Ал камыш кайыктай, жемине шукшурулуп келе жаткан бүркүттөй сызып бара жатат.

27Мен: “«Муң-зарымды унутуп, түнөргөн жүзүмдү өзгөртүп, көңүлүмдү көтөрөйүн», – десем да,

28азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыңды билем.

29Эгерде мен айыптуу болсом, анда эмне үчүн бекер эле кыйналып жатам?

30Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,

31Сен мени баткакка батырасың, кийген кийимим менден жийиркенет”.

32Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.

33Экөөбүздүн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.

34Ал менден таягын тартсын, коркунучу үрөйүмдү учурбасын.

35Ошондо мен сүйлөйм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>